Түрмөдөн “Дөө” Чыңгыз чыкса, Анжеликанын казак миллионери качып жоголобу?


Баскан-турганын, жеке турмушун шоуга айландырган Анжеликанын жоруктарына коомчулук деле көнүп бүттү окшойт. Эми болсо, казак миллионеринен 501 роза алганын, колун сураганын жарыялап чыкты. Макулдугун да берип коюптур. Айтымында, анысы эзели төшөк жаңыртпаган эргул экен...
Башынан эле Анжелика “аялуу” жашоосун талкууга таштап, ушул жагын өнөр көрүп алгандай. Мухтар Өмүракунов менен тирүү кезиндеги “мамилесин” айтабы, экс-эри Урмат менен ажырашканына мактанабы, ортодон бизнесмен Марат Назарбеков менен “жүрө” коюп, сүрөттөрүн жарыялайбы (?), айтор, дайыма купуя сырлардан сенсация жаратат. Атургай, “Дөө” Чыңгызга да “ырдаганы” кеп болуп, бул жагынан дагы упай алды беле? Бир учурда белгилүү чөйрө кыйла дуулдаган... Баса, “Дөө” Чыңгыз учурда түрмөдө отурат, жакында бошоно турганы айтылууда. Эгерде ал эркиндикке чыгып калса, Анжеликага 501 роза берген казак баурдастын тагдыры кантет? Артын карабай дырылдап качпайбы?..
Aryba.kg