Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өкмөт коронвируска байланыштуу өзгөчө кырдаал күчүндө экенин билдирди

Өкмөт коронвируска байланыштуу өзгөчө кырдаал күчүндө экенин билдирди

22-февраль, 17:33
582 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Министрлер кабинети коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 22-мартында жарыяланган өзгөчө кырдаал режими күчүндө экенин билдирди. Өкмөт мындай режим жоюлганы тууралуу маалыматтарды четке какты.

Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы өткөн айда катталган жана оору жуктургандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу Бишкек шаары "кызыл зонага" кирген. Соңку бир күндө өлкөдө COVID-19 дагы 31 адамдан аныкталып, бир бейтап көз жумду.

22-февралга карата коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 200 миң 368ге жетти. Пандемия башталгандан бери оорудан 2947 бейтап каза болду. Вирус жуктуруп алгандардын арасында медицина кызматкерлери жок. 

Ушул тушта 220 адам ооруканада жатат жана 98 бейтаптын абалы оор, дагы 94 кишинин абалы орточо оор. 1200дөн ашык киши үйүндө дарыланууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер