Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Абдрахмановго караганда Жеңиш Жоробеков генералдык наамды алууга татыктуу

Каныбек Абдрахмановго караганда Жеңиш Жоробеков генералдык наамды алууга татыктуу

21-май, 22:04
7 143 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата Чүй ОИИБнин начальниги Каныбек Абдрахмановго жана аты-жыты анчейин белгисиз полковниктерге генералдык чин-даражалар ыйгарыларын эшиттик. “Кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” дегендей, бул жагы кызык болчудай. 

Реалдуулуктан алганда, Каныбек Абдрахманов Чүй ОИИБге жакында эле жетекчи болуп, өзүн анчейин көрсөтө элек. Күзөт кызматында, ГУУРда да кыска аралыктарда гана иштеп, эмгек сиңиргенин байкаган жокпуз. Асыресе абалар тарабынан колдоосу күч экенин угуп жүрөбүз. Балким келечекте генерал болор. Мындай чоң жылдызды алуу үчүн татыктуу кызмат өтөп, анан барып жетсе коомчулук да туура түшүнөт. 

Эми бул тема козголуп калгандан кийин дагы бир чындыкты баса белгилей өтөлү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Жеңиш Жоробеков генерал-майор наамын эчак эле алса жарашмак. Бир канча аймактарда РИИБ начальниги, Каракол ШИИБ жетекчиси, Жалал-Абад, Ош ОИИБ башчысы, ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын начальниги ж.б. кызматтарды аркалап, баскан жолу узак, жасаган эмгектери ат көтөргүс. Анын баарын жазып отурбайлы, элибиз билет. Убагы келгенде чечмелеп беребиз. 

Учурда Жеңиш Жоробеков жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо алгылыктуу иштерди жасап, коррупцияга каршы күрөшүп, өз милдетин артыкчылык деңгээлинде аткарууда. Эреже бузган айдоочуларга карата мыйзамдын алкагындагы аракеттерди көрүп, о.э. таалим-тарбия, пропагандалык жагын да ийгиликтүү жүргүзүүдө. Ооба, буга чейин чечилбей келген көйгөйлөр чечилүүдө. “Тоңгон музду” каарманыбыз жарып, реформа жасоого батыл киришти. Тоону томкоро турган иштери али алдыда. Мындай шартта Жеңиш Жоробековго генералдык чин-даража ыйгарылса, жарданып турган калың журт деле туура түшүнүп, колдоого алышмак. ИИМге да аброй алып келери калетсиз. Биз татыктууларды убагында баалай билишибиз керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер