Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмнеге көмүр тартыштыгы жаралууда?

Эмнеге көмүр тартыштыгы жаралууда?

09-январь, 14:17
1 502 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Бишкектин тургундары калаада көмүр тартыштыгы жаралганын айтып, сатуу жайларынан таба албай жатканын билдиришти.Ушундай мүнөздөгү кайрылуулар “Sputnik Кыргызстан” агенттигине бир нече шаардыктардан түштү.
Редакция “Кыргыз көмүр” ишканасына кайрылганда мунун себебин Кара-Кече кенинин иргелген көмүрдү ташуу 15-январга чейин токтотулганы менен байланыштырды.
“Биз бул тууралуу 28-декабрда маалымат таратканбыз. 1-январда кенде жардыруу иштери жүргүзүлүп, 3-январдан тарта Бишкек ТЭЦке көмүр ташылат. Жардыруудан кийин көмүрдүн катмары жабылып калгандыктан турмуш-тиричилик үчүн керектөөгө ылайыктуу иргелген көмүр 15-январдан тарта Бишкекке келе баштайт”, - деп билдирди ишкананын маалымат кызматы.
Ошондой эле жардыруудан кийин көмүрдүн запасы кеңири болуп, кара алтынга тартыштык жаралбай турганы белгиленет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер