Сейдалы Мырзакматов: “Бир да жеке инсан Кытайга болгон карызды төлөй албайт”

-- Айыл чарба министринин азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн этти жана айрым азыктардын сыртка чыгуусуна тыюу салган чечими туурабы?
-- Айыл чарба министринин этти сыртка чыгарууга тыюу салганы эки ача пикир жаратууда. Биринчиси, бул социалдык талап. Кымбатына карап, эттин баарын сатып жиберип, эл этсиз калып жатат. Экинчиси, Кыргыз Республикасынын эгемендикке ээ болгондон бери тандап алган экономикалык либерал саясатына каршы чыгууда. Чындыкка келсек, колунда эч кандай ресурс жок, баары жеке менчикке берилип кеткен, коррупциялашкан өлкөдө айыл чарба министрлигинен мындан башка кандай реакцияны күтүүгө болот?
Негизи айыл чарба министринин бул аракети ортомчуларды, бажы, укук коргоо органдарын байытат, ички рынокто бааны ого бетер көтөрүп, байкаларлык жогорулатат. Бирок, мындай мезгилде бир нерсени эске алышыбыз керек. Ири фермерлер өнүгөт. Кооптуусу – эттин кымбатына кызыгып сатып жиберип, орто жана майда фермерлер акыркы малдарын да сатып жибериши мүмкүн. Ошондуктан, биздин өлкө эч убакта “чектөө” деген мыйзамды эмес, сөздү да колдонбошу керек. Республикабыз бардык жагынан импорттон көз каранды. Болгону акча табуунун жолун ойлонушубуз керек. Дүйнө экономикасында дефицит деген болбойт, баалар гана болот. Негизи экономика илими эң жөнөкөй. Аны окумуштуулар гана татаал кылып жиберишкен. Сөзүм куру болбош үчүн бир мисал келтирейин. Жазында Ташкент лимону 120 сом болчу. Ковид күч алган мезгилде 500 сомго чыкты. Азыр бир доллар 85 сом болгонуна карабай Ташкент лимону 120 сом. Базардагы атаандаштыкта кээде ушундай сыйкырчылык да орун алат.
Айыл чарба министри республикада азык-түлүктүн кандайдыр бир орчундуу экспортчусу болбогон соң, мындай зыяндуу сунуштардан баш тартуусу зарыл. Анткени, өнөктөш өлкөлөр биз өндүргөн продукциялардын бар же жогун билбей калышы мүмкүн. Өнөктөштөр менен болгон байланыш үзүлсө, жеке ишканалар үчүн бул катастрофа болот.
-- Доллар күндөн-күнгө кымбаттап жатат. Кымбаттаган нерселерди кантип жөнгө салабыз?
-- Доллардын курсунун жогорулашы – Улуттук банктын күнөөсү. Алар маразмга чейин жетишти. “Доллар 69 сом мезгилинде алынган долларларды азыр сатып, Улуттук банк 2 млрд. сом пайда тапты” деген маалыматтар айтылууда. Доллардын курсунун жогорулашына спекулятивдүү, инсайдерлик маалымат иштеп жатат деп ойлойм. Анткени, сомдун куну түшкөнү менен рубль менен теңге көтөрүлдү. Бул жерде диверсия болуп жатат же бирөөлөр курстан акча жасап жатышат.
-- Садыр Жапаровдун жарыялаган экономикалык мунапысы бюджетти толтурууга салым кошо алабы?
-- Садыр Жапаров келечекте бир нерсе жасайт десе ишенем. Бирок, азыр эч нерсе жасай албайт. Анткени, азыр бир нерсе жасоого мүмкүн эмес. Учурда капиталдык салымдар, өнүгүү деген кооз сөздөрдү такыр колдонгонго болбойт. Бюджеттин корголгон статьяларын сактап калсак, ушуга шүгүр дешибиз керек деген убакта турабыз.
-- Тышкы карыздан кутулуу үчүн өкмөт аргасы жок эсеп ачтыбы?
-- Өкмөт бир эмес бир канча эсеп ачса да, тышкы карызды төлөөгө эч кандай көрүнүктүү каражат чогулбайт. Чындап күч келсе мүмкүн, эл колунда бар каражатын берээр, бирок, элдин акчасы тышкы карыздын жанында тыйынчалык эле болуп, эч нерсеге арзыбай калат.
-- “Шайлоодо мага добуш берсеңер, Кытайдын карызынан кутултам” деген талапкерлерге ишенсек болобу?
-- Эч бир популистке ишенбеңиздер! Бир да жеке инсан Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөй албайт. Анткени, ал өтө чоң каражат. Андай каражат жеке ишкерлерде жок. Ошондуктан элдин добушун алыш үчүн андай убаданы жөн эле берип жатышат.
"Азия Ньюс" гезити