Төрт орун басардын «башын жеген» Бакыт Тыналиева УАКты коррупциялык уюкка айланттыбы?

Бакыт Тыналиеванын аттестациялык комиссияга келгенине он жыл болду. 2012-жылдан 2017-жылга чейин орун басар болуп иштеп жүрдү. Аны раматылык профессор Абдрахман Мавлянов көтөрмөлөп, ыйгарым укуктарынан бөлүшүп, иштегенге мүмкүнчүлүк берип, өстүрдү. 2017-жылы Сапар Исаков өкмөт башчы болуп турганда жердештик кылып, Бакыт Тыналиеваны төрайым катары бекитти. Адегенде Нурлан Атабаев орун басар болуп дайындалган, көп өтпөй ал да кетти. Андан кийин Канат Азиз орун басар болуп келип, ал да көпкө узаган жок. Ошентип орун басар токтобой биринин артынан бири кете баштады. Андан кийин Саткынай Насбекова орун басар болуп дайындалган. 2021-жылы “ЖАК министрликке карайт” дегенде “Бакыт Тыналиева арыз жазыптыр” деген каңшаар тараган. Ал кетерман болуп жүргөндө Саткынай Насбекова ишти жакшы алып барып жаткан. Анан ар кандай каналдар менен иштеп, Тыналиева ЖАКтын макамын өзгөртүп, өзү чуркап жүрүп, жарлык чыгартып кайра келди. Келер менен жаш, өсүп келе жаткан юридика илимдеринин доктору, профессор Саткынай Насбекованы арызын жазууга мажбурлаган. Ошентип, ал да бир аз иштеп эле баса берди. КР президентинин алдындагы улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымынын орун басары, башкы окумуштуу катчы кызматы эки-үч ай бош турду. Андан кийин 2021-жылы 1-ноябрда экономика илимдеринин доктору, профессор Бактыбек Мейманов бул орунга дайындалып келип, шымаланып иштөөгө киришет, анан эле алты ай өтүп-өтпөй арызын жазып, кетүүгө аргасыз болот. Азыр ал орунга Рустам Эмилжанович Азизбаев келди. Ал канча отурары белгисиз...
Бакыт Тыналиевага орун басар токтобогону ошентип өзүнчө көйгөйгө айланып отурат. Камила Талиева вице-премьер болуп турганда “Гиннес” китебине кире тургансып, бир жылда 15 шофер алмаштырганын укканбыз. Ал эми Бакыт Тыналиева ЖАКтын тарыхында болбогон иш жасап, беш жылда беш орун басар алмаштырган. “Сайма сая албаган кыз ийне тандайт” болуп, көрсө, иштей албаган жетекчилер ушинтип кол алдындагылар менен жөндөп ымалага келише албай кетире берет тура.
Улуттук аттестациялык комиссия коррупциялашкан мекемелердин бири. Илимдеги наам, даража берүү ушул тармактын, башкача айтканда, Бакыт Тыналиеванын колунда. 2021-жылы анын астындагылар каршылык көрсөтүшүп, үстүнөн арызданышканда Тыналиева айлакерленип, эптеп баскан жайы бар. Раиса Атамбаевага жана башкаларга мыйзам бузуу жолу менен профессор наамын берген. Ал эми келген билимдүү, креативдүү жаңычыл жаштарга мүмкүнчүлүк бербей жатканы айтылууда. Болбосо бакандай болгон илим докторлору менен профессорлорду көйнөктөй алмаштырганга Бакыт Тыналиеванын кандай акысы бар? Ал илимий тема бекигенден тартып, даража, наамдын дипломун алганга чейинки процедураларды жөнөкөйлөштүргөндүн ордуна ого бетер татаалдантып, коррупциялык схемаларды көбөйткөнү ачыкталабы? Улуттук аттестациялык комиссия тарабынан бекитилген диссертациялардан плагиат чыккандары бар. Ошон үчүн диссертациялар сайтын жаап таштаган, политология, философия, юриспруденция, экономика, социология, педагогика адистиктери боюнча даяр диссертациялар орус тилинен которулуп, өзүнчө коррупциялык схемага айланган. Ошондой жалган илимге каршы турган, заманбап ой жүгүрткөн, коррупцияга аралашпаган жаш илимпоздорго мүмкүнчүлүк бербей, улуттук аттестациялык комиссияны жеке менчигиндей эле пайдалынып, сатылып жаткан диссертациялардын эсебинен самопал кандидат, докторлордун дипломун таратып, санын көбөйтүп жатканына жооп береби? УАКты жеке менчик катары пайдаланып, илимдеги реформатор жаштарга бут тосуп жаткан Бакыт Тыналиева канчага чейин доорон сүрөт болду экен? Күтүп туралы...
"Азия Ньюс" гезити