Өнүккөн өлкөдө Эртай Искаковдой жаштар жеңишке жетишмек беле?

Суу тартыштыгынын айынан жол тосууга шектелип, камалып кеткен блогер Эртай Искаков түрмөдө жатып алып, бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңешке ат салышып атат. Эл менен иштешүүгө башка талапкерлердей шансы, мүмкүнчүлүгү жок. Бирок алдыга койгон максатына умтулуп, саясатка батыл киришүүгө бел байлап, дымагы бар экенин көрсөтүүдө. Эгерде ар тарабы өнүккөн кайсы бир чет өлкөдө Эртай Искаковдой жарандык активисттер абактан шайлоого катышып чыгышса, көпчүлүктүн колдоосуна ээ болушмак. Эми бизде кандай болорун көрө жатмакчыбыз. Шайлоочулар алыска аркан ыргытууну ойлошсо, дал ушул жигитке добуштарын беришеби? Эртай мырзанын бир гана одоно кемчилиги – анын жаш туруп бапыйган сакал койгонунда! Мындай түрү улуттук менталитетке, ата-бабанын асыл наркына туура келбейт. А камалганы башка кеп...
"Азия Ньюс" гезити