Тергөөчүдөн жакшы жетекчи чыкпасын турмуш көрсөттүбү?


Баткен ОИИБ начальниги Улан Жукенов илиң-салаң болуп, көңүлү жок жүргөнү кесиптештери тарабынан айтылууда. Бул кызматка келгенине эки жылдан ашып калыптыр. Сын-пикирлерди жаратууда. Кайра которулуп кетүүнүн айласын көрүп, бирок жогор жакка билдире албай жатабы? Милициянын облустук башчысы катары купулга толгон жок. Негизи тергөөчүдөн жакшы жетекчи чыкпасын турмуш көрсөттүбү?
Айтмакчы, кызык икаяга токтоло кетели. “Баткендин ширин диалектикасын үйрөнө албай койду, буга котормочу керек окшойт” деп айрым коллегалары Улан Жукеновду сыртынан тамашага салышууда. Мындай кептер бекер жерден чыкпайт да. “Моюнунан байланган ит ууга жарабайт” деген лакап бар. Анын сыңарындай, Баткенге көнө албай, жогорку жетекчиликтин каарынан коркуп эле иштеп жүргөн кадр ийгилик жарата алабы?











