Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 12-декабрда Ала-Тоо аянтында үнсүз акция өтөт

12-декабрда Ала-Тоо аянтында үнсүз акция өтөт

09-декабрь, 21:45
477 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

12-декабрда саат 12.00дө Ала-Тоо аянтында абанын булганышына каршы #БишкекСмог акциясы өтөт. Уюштуруучулар жарандарды иш чарага беткап тагынып келүүгө чакырды.

“Акция үнсүз өтөт. Бизде айта турган сөз болгону үчүн эмес, абанын булганышынан улам биз беткапчан жүрөбүз. Биз үчүн беткаптар сүйлөйт», — дешти уюштуруучулар.

Иш чаранын максаты — коомдун көңүлүн Бишкектеги кара түтүнгө буруп, бийликтен абанын сапаты боюнча улуттук стандарттарды сакташын талап кылуу.

Уюштуруучулар бийликтен абанын сапаты боюнча ачык маалыматтарды талап кылып, кышкы маалда электрдин акысын арзандатуу, абасы өтө булганган аймактарга газ жеткирүү, ташылган күйүүчү майлардын сапатына көзөмөл киргизүү сыяктуу бир катар талаптарын коюуда. 

Эскерте кетсек, буга чейин  кыргыз өкмөтү абанын булганышына байланыштуу Бишкекте өзгөчө кырдаал киргизүүсү керек деп, кыргызстандыктар кол топтоо баштаган.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер