Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кымбатчылыкка АКШнын Федералдык резервдик системасы күнөөлүүбү?

Кымбатчылыкка АКШнын Федералдык резервдик системасы күнөөлүүбү?

09-октябрь, 18:20
1 639 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2021-жылдын аягында болчу кезектеги дүйнөлүк экономикалык кризистин эпкини катуулай баштады. Кыргызстанда эмитен эле анын таасири сезилүүдө. 107ге чамалаш түрдөгү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр орточо эсеп менен алганда бир жарым эсеге кымбаттады. Албетте, “президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин күнөөсүнөн болуп жатат” дегендер аз эмес. 

Болжол менен ушундай эле масштабдагы (1,5 эсе) кымбатчылык КМШнын баардык өлкөлөрүндө байкалды, атургай дүйнө жүзүндө дагы. Мына ошондуктан, өлкөдөгү кымбатчылыкка мамлекет башында тургандар гана күнөөлүү (!) деп ойлобойм. Мында, биздин башчылардын айыбы жарым жартылай гана, калганы АКШнын Федералдык резервдик системасына байланыштуу. Келгиле, биргеликте бүткүл дүйнөлүк экономикалык рецессиянын башталышына эмне себеп болгонун талдап көрөлү. 

Өткөн жылы ФРС 9 трлн. доллар, андан соң Афганистандан аскерлерин чыгарып кеткенден кийин дагы 500 миллиард доллар басып чыгарганынан баштасак туура болчудай. Экономикалык билими жок карапайым жаран дагы АКШнын реалдуу экономикасы бул көрүнүшкө тең салмактуулук менен өсө албаганын жакшы түшүнөт. Башкача айтканда, АКШнын экономикасынын капитализациясы валюталык эмиссиянын масштабына дал келбейт. 

Кризистин тамыры 1944-жылдагы Бреттон-Вуд келишиминде жатат. Анда АКШ башка өлкөлөрдүн экономикасынын алсыздыгынан пайдаланып, валюта жуурканын өздөрүнө тартып алган. Дүйнөлүк негизги валютаны долларга байлап коюшкан. Дүйнө жүзү жана америкалыктар өздөрү дагы бул оюн акыйкатсыз болуп калганын жакшы билишет. Бирок кандай болгондо да АКШ ошондон бери өзүнүн катачылыгын акча басып чыгаруучу станоктун жардамы менен жаап келатат, бул планетадагы баардык өлкөлөрдүн валюталарынын девальвациясына таасир берүүдө. Дүйнөнүн борбордук банктары, анын ичинде КР Улуттук банкы өз валютасын девальвациядан сактап калуунун аракетинде аба долларларын сатып алууга аргасыз. Анүстүнө дүйнө өлкөлөрүнүн бийлиги жеке көрөгөчсүздүгүн жаап-жашыруу үчүн акча басып чыгаруучу станогун ишке киргизип жиберип жатпайбы, алар да долларды девальвациядан коргоо аракетинде, а мунун баары аба долларларынын пайда болушунун бирден-бир себеби. 

Биздин Улуттук банкты өзгөчө белгилегим келет, ал сомдун курсун кармап калуунун саясатташтырылган умтулуусунун айынан баасыз долларларды сатып алууну улантып келет, а бул биздин рыноктун капитализациясына жана акчалай эквивалентине ылайык келбей калууда. 

Улуттук банк саясаттан көз карандысыз болушу керек деген эрежени кыйгап өтүп, эч кандай баага ээ болбогон сомдорду чыгарууда да, ал баасы жок доллардын куну көтөрүлүп кетишине роль ойноп жатат. Мисалы, учурда бизде бюджеттегилер менен пенсионерлердин каражатын көбөйтүү саясый зарылчылыгы бар. Шайлоонун алдында бул кайсы бир деңгээлде ишке ашырылды. Бирок биздин ИДП көтөрүлгөндүктөн, пенсиянын базалык жана кепилдендирилген бөлүгүн көбөйтүүгө көмөк берди дей албайм. Болгону биздин Улуттук банк арзыбаган акчанын жетиштүү суммасын басып чыгарып койду. Бизде акча басып чыгарууга жеке мүмкүнчүлүгүбүз болбогондуктан, башка өлкөлөрдө басылып чыгарарын эске алсак, анын санын биздин мамлекеттик түзүмдөр кылдат көзөмөлдөй албайт. 

Жыйынтыгында, карапайым эл жабыркайт, анткени олигархтарыбыз менен бизнесмендерибиз жеке кирешелеринен кол жууп калбоо үчүн өздөрүнүн тийиштүү өзгөртүүлөрүн киргизишет, а бул болсо ишке жарамдуу жарандар менен пенсионерлерге зыянга айланат. 

Түшүнүктүү болушу үчүн айтайын, мен шайлоочуларыбызга Доу-Жонс, S&P 500, NASDAQ жана башка индекстерин казууга кеңеш бербейт элем. Экономикалык билими жок карапайым адамдар үчүн бир топ түшүнүктүү жана көрүнүктүү Уоррен Баффеттин индекси. 2020-жылы бул индекс ар кандай ыкмалар боюнча 181 пайыздан 2017 пайызга чейин ээлик кылат. Бул, албетте, дүйнөлүк экономикадагы рецессияга алып келиши керек. 

Жөнөкөй тил менен айтканда, рынокто аба ырайы сыяктуу эле өзүнүн мезгили бар: эгер жалбырак саргарып, күбүлүп түшө баштаса, демек, жакында кыш келет. Жана биздин жергиликтүү “Кудайдын” “зима не будет” деген көрөгөчтүгү мында иштебейт. 


Бакыт Бакетаев, саясат таануучу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер