Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күнөөлүү адамдарды аныктап, социалдык теңсиздик багытында иш алып баруудабыз

Күнөөлүү адамдарды аныктап, социалдык теңсиздик багытында иш алып баруудабыз

30-октябрь, 21:34
380 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан 2021-жылдын 9 айында прокурордук ишмердүүлүктү жүргүзүү багытында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун тармактык буйруктарына ылайык тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Кылмыштуулуктун жана тергөөнүн абалы жөнүндө

Ленин районунун аймагында жалпысынан 7455 кылмыш катталып, алардын ичинен Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-статьясынын негизинде шектүү катары 394 адам кармалып, кармалгандыгынын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн өз убагында сотко жеткирилип, 211 адамга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу, 160 адамга карата үй камак түрү тандалган, 14 адамга карата башка жакка кетпөө кол кат түрү жана жеке кепилдикке өткөрүү тандалган. 

Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде жарандарды мыйзамсыз кармоо фактылары аныкталбаган жана райондун прокуратурасы тарабынан КР башкы прокурорунун орун басарынын мыйзамсыз кармоо, жоопко тартуу, камакка алуу фактыларына жол берген кызматкерлер боюнча токтоосуз түрдө текшерүү жүргүзүлүп, тийиштүү чаралар көрүлөт.

Ар бир катталган арыз даттануулар РИИБнин КЖБРне катталган күндөн тартып, алар боюнча тергөөнүн жүрүшү жана кабыл алынган процессуалдык чечимге чейин прокурордук көзөмөл жүргүзүлүп, жасалган кылмыштардын келип чыгышынын себептери боюнча анализ жүргүзүлөт. Райондук прокуратура тарабынан ар бир катталган сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча кылмыштын бетин ачып, күнөөлүү адамдарды аныктап, социалдык теңсиздиктин калыбына келтирүү багытында тийиштүү болгон юридикалык баа берүүгө багытталган жазуу түрүндө көрсөтмөлөр берилүүдө.

Ошондой эле райондук прокуратура тарабынан РИИБнин жетекчилери менен болгон чогулушта кылмыштуулук менен эле күрөшпөстөн, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштерди өспүрүмдөр арасында жүргүзүүнү жана эс алуу жайларда жаш өспүрүмдөрдүн болуусуна жана алардын ал жайда эмгектенүүсүнө каршы багытталган иш-чаралардын жүргүзүлүүсү боюнча сунуш берилүүдө.


Б.Байзаков, прокурордун орун басары 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер