Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саякбай ата жөнүндө кантип айтпай коёбуз?

Саякбай ата жөнүндө кантип айтпай коёбуз?

18-декабрь, 20:47
1 147 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Өз элиңдин улуу адамдарынан кимди билесиң?” деп менден сураса, Саякбай Каралаевди айтар элем»

(Чыңгыз Айтматов)


Окуучулук кезде жазган аңгемелеримди топтоп, өзүнчө жыйнак кылып чыгаруу максатында «Мектеп» басмасына тапшырган элем. 1970-жылы болсо керек, так эсимде жок, китептин дайынын билгени басмага барып калдым. Ошол жерден Саякбай атаны көрдүм. Өзү жапалдаш бойлуу, толугунан келген, улгайып калса да чымыр денелүү, мурутчан адам экен. 

Ал кезде жаштык кылып, анча маани бербептирмин. Залкар манасчынын дүпүлдөтүп айткан «Манасын», акыл-кеңешин, алтынга алмашкыс баалуу сөздөрүн кең-кесири отуруп, өз оозунан укпасам да, өзүн көргөнүмө каниет кылдым. Андан бир топ жыл өткөндөн кийин, дүнүйө-мүлктү жанынан жакын көргөн айрым адамдар калайык калктын 70 жыл бою каны-жанынан, таман акы, маңдай теринен жаралган байлыкты, элдин ырыскысын талап-тоношуп, ага да көзү тойбой кара жанын карч уруп, соода-сатыктын артынан сая түшүп жургөн мезгилде, отпусканын убагында майрам, демалыш күндөрдө эс албай, кесибим экономист болсо да, Сагымбай, Саякбай аталардын жана башка залкар манасчылардын айткан «Манасын» окуп, үйрөнүп, ааламда теңдешсиз бул улуу эпостун беш китептен турган кара сөз вариантын жана «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтигинин негизинде «Чоң Казат» баштаган беш драманы жазам деп оюма да келбептир. Элибиздин нечен кылымдардан бери келе жаткан асыл мурасы, баа жеткис байлыгы болгон «Манасты» калайык калкка жеткирүүдө аз да болсо салым кошуп жатканыма Кудайга тобо кылам. 

Табият чексиз талант берген алп манасчы Саякбай атабыз жөнүндө кийинки муундар окуп, кең-кесири билип калсын деген максат менен убактымдын тардыгына карабастан көптөгөн улуу адамдардын, окумуштуулардын, «Манасты» изилдөөчү илимпоздордун жазгандарын, энциклопедияларды окуп, иликтеп, төмөндөгү макаланы жазган элем.

Улуу манасчы Саякбай Каралаев азыркы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөңгө жакын Семиз-Бел деген жерде 1894-жылы жарык дүйнөгө келген. Он эки жашынан ар кимде жалданып иштеген. 1916-жылы болгон Улуу Үркүндө Кытайга качкан. Нечен азап-тозокту, ит көрбөгөн жашоону көрүшүп, 1917-жылы эл менен Кытайдан кайтышат. 1918-жылы кызыл гвардиячылардын катарына өтүп, Сибирде, Алматыда, Ашхабадда, Бухарада Кеңеш бийлигин орнотууга катышат. 1921-жылдан 1931-жылга чейин ошол кездеги Каракол районундагы Маман жана Ырдык айылдык кеңештеринин төрагасы болуп иштейт. 1930-жылы Кыргыз эл агартуу комиссариатына караштуу тил жана адабият илим изилдөө институту тарабынан алгачкы жолу Саякбайдан «Манас» эпосу жазылып алынат. 

Биз укканга караганда, айрым манасчылар түш көргөндөн кийин же кереметтүү окуяларга туш болгондон соң манасчылыкты башташкан экен. Саякбай атабыз да төмөндөгүдөй окуяны башынан өткөрүптүр. 

Саякбай бала кезинде Орто-Токой деген айылга теңтуштары менен жарамазан айтып барышат. Тапкан олжолорун бөлүшүп, балдар туш тарапка тарашат. Жолдо келе жатса, тар капчыгайдын тушуна келгенде аябагандай катуу чаңырык чыгат. Жалгыз келаткан жаш бала коркуп кетип, эси ооп калат. Канча убакыт өткөнү белгисиз, эсине келсе, алды жакта турган чоң кара таш аппак чоң боз үй болуп калыптыр. Үйдөн чыккан сулуу айым: «Каныкей апаң болом. Түмөндөгөн кол Чоң Казатка аттанып баратканда жолукпадыңбы. Үйгө кирип, ошолордун даамынан ооз тийип кет» дейт. Боз үйгө кирсе жылкынын тууралган этинен чоң-чоң чараларга толтура кылып коюп койгон экен. Баягы айымдын «ай, балам, уялба, ар бир чарадан ооз тийип чык» деген сөзүн аткара албайт. Кийген жыртык шымы суу болуп курушуп, шыйрактары кызаңдап көрүнүп калгандыктан, уялып, чаралардагы эттен бир аз ооз тийген соң, тез эле сыртка чыгат. Айлана-тегерек курчалган атчан жоокерлерге толуп кетиптир. Арасынан эбегейсиз зор ат минген, ак сакалчан, зор мүчөлүү киши суурулуп чыгып, «Бакай абаңмын. Чоң Казатка аттанып баратабыз. Колуңду тос, жоокерлердин гүлазыгынан берейин, сен да 6-7 жылдан кийин жомокчу болосуң» деп жанындагы кайыш баштыгынан актаган тарууну балага уучтап берет. Оозуна салса кум сыяктуу кычырап чайналбайт, берки кишиден коркуп, эптеп-септеп жутат. Бакай андан кийин жанында Аккула минип турган Манасты, андан кийинки турган Алмамбет менен Чубакты, Сыргакты көргөзөт. “Мындан ары барганда жолуңдан эки кой айдаган киши жолугат. Койлорун сатып алып, элди чакырып, карыялардын батасын ал. Көргөн-билгендеринди айтып жүр” деп Бакай карыя балага батасын берип, дүңгүрөгөн түмөн кол жүрүп кетишет. 

Асманга чейин көтөрүлгөн чаң тарап, Саякбай эсине келсе, баягы чоң ак боз үй жок. Өзү баягы чоң кара таштын түбүндө жатыптыр. Бир чети коркуп, толкундаган Саякбай укмуштуудай сезимдерге кабылып, ары жакта турган кунанына эптеп жетип, минип алып жолун улантат. Айткандай эле алдынан эки кой айдаган киши чыгат. Жарамазан айтып, тапкан акчасын баягы кишиге берип, эки койду айдап үйүнө келет. Бакай карыя айткандай койлорду союп, элдин батасын алат. Ошентип, жаш манасчынын жолу ачылып, Манас айта баштайт. 

Келечектеги алп манасчынын талантын ойготуп, ааламда теңдешсиз «Манастай» эпос менен эң алгачкы тааныштырган чоң энеси Дакиш апа экен. Ал киши чоң жомокчу болуп, уламыштарды, ырларды жакшы билип, кыштын узак түндөрүндө «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү кара сөз менен небересине айтып берчү. Кичинесинен зээндүү, дээринде бар Саякбай чоң энесинен уккандарын көкүрөгүнө түйүп, эпостун улам кийинки окуяларын сурап, уккандан тажабай үйрөнүп, кийин айыл аралап келген манасчылардын «Манасын» угуп, билбегендерин толуктап, 1918-жылдан баштап өзү да аз-аздан «Манасты» айта баштайт. 

1924-жыл Саякбайдын өмүрүндө эстен кеткис жыл болуп калат. Ушул жылы белгилүү манасчы Чоюкеге жолугат. Узак жылдар бою аны менен чогуу жүрүп, «Манас» айтуунун түркүн ыкмаларын үйрөнөт, таалим-тарбиясын алат. «Чоюке чынар, мен чырпык» деп кийин өзүнүн устатына калыстык менен баа берип, аны оозунан түшүрчү эмес. Ал эми 1925-жылы чоң манасчы Акылбек менен таанышып, бул манасчылар менен чогуу эл аралап Манас айта баштайт. Эки залкар манасчыдан көптү үйрөнүп, эл алдында Манас айтканга такшалып, 1930-жылдарда Көл өрөөнүнө атагы чыккан чоң манасчылардын биринен болуп калат. 

1924-жылы Көл өрөөнүнөн чыккан улуу инсан Кыдыр аке өзүнүн үйүндө отуруп, «Чоюке балам, Саякбай иниңди жаныңан чыгарбай, өнөр ыкмаларыңды, акыл-насаатыңды үйрөт» деген экен. Андан соң Саякбайга карап: «Балам, Манастын арбагы колдосун, дастандын туу чокусуна чыгууга насип буюрсун, жолуң ачылсын, оомийин аллооху акбар!» деп батасын бергенде отурган эл-журт чуркурап батасын беришкен экен. (Омор Эркетанов, «Биздин үйдө «Манас» айткан» деген макаласынан алынды). 

1935-жылдан баштап «Манас» эпосунун Каралаевдин варианты боюнча жазуу колго алынат. 1937-жылы трилогиянын биринчи бөлүгү (84513 сап ыр) жазылып бүтөт. Андан соң «Семетей» (316157 сап ыр), «Сейтек» (84697 сап ыр), Кенендин балдары Алымсарык, Кулансарык жөнүндө (15186 сап ыр) жазылып алынат. «Манас» эпосунун бул вариантынын көлөмү 500533 ыр сабынан түзүлгөн. 

1936-жылы Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониясына солист-манасчы болуп кабыл алынат. Бул жерде кыргыз маданияты менен искусствосунун залкарлары Калык, Карамолдо, Ыбырай, Молдобасан, Осмонкул, Алымкул, Токтоналы, Атай, Муса, Мыскал ж.б. менен чогуу иштешет. Алардын зор талантын урматтап, сыйлап, жогору баалаган. Өзгөчө Карамолдонун күүлөрүн жактырып, ал жөнүндө поэма да жазыптыр. Ал эми Атайды «ырчылардын сырттаны» деп оозунан түшүрбөй мактап, «андай сырттандар жалындап жүрүп эле күйүп кетет турбайбы...» деп залкар комузчу, обончу, дасыккан аткаруучу Атайдын бул дүйнөдөн жаш өтүп кеткенине катуу кайгырчу тура. Кыргызстандын булуң-бурчтарын кыдырып, «Манасын» калайык калкка тартуулайт. Артисттик шыгы артып, таланты ташкындап, ой-чабыты кеңейет. Натыйжада, 1939-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти деген наамга татыйт. Таланты, эмгеги өз убагында бааланып, үч жолу «Эмгек Кызыл Туу», «Даңк белгиси» ордени жана «1941-1945-жылдары Улуу Ата мекендик согуштагы күжүрмөн эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. 

Саякбай Каралаев «Манас» эпосунан сырткары, элдик жомокторду, уламыштарды жакшы билген, ырларды чыгарган, башынан өткөндөрүн китеп кылып жазган. 1929-жылы «Эрик таңында» деген биринчи китеби жарык көргөн. «Төштүк» эпосу жазылып алынып, 1938-жылы кыргыз тилинде, 1958-жылы орус тилинде китеп болуп чыккан, кийинчерээк Парижде француз тилинде жарык көргөн. Ата мекендик согуш жылдарында «Манас» сериялары деген ат менен «Каныкейдин жомогу», «Каныкейдин Тайторуну чапканы» аттуу китептери басмадан басылат. 1955-жылы «Канаттуу куштар», «Унутулгус күндөр», 1957-жылы «Делдеш баатыр», «Томор мерген», «Эстен кетпейт» деген китептери чыккан. Андан кийинки жылдарда да ондогон китептери жарык көргөн. Баш-аягы отуздай китептин автору, 1938-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат. 

Бирок Саякбай Каралаев дүйнө элдерине 500 миң сап ырды башына сактап, жатка айткан, өзгөчө касиетке ээ болгон залкар манасчы катары белгилүү. 


Калевала жергесинде Тайторуну чапканы

Зыяш Бектенов 1949-жылы Саякбай Каралаев менен «Калеваланын» басмадан чыкканына 100 жыл толгон юбилейине катышуу үчүн Карело-Фин Республикасынын борбору Петрозаводскиге барышкандыгы жөнүндө «Саякбай Калевала жергесинде» деген көлөмдүү макала жазган экен. 

«Сакемдин Манас айтканын мен ошого чейин көп эле уккам, бирок бул жолку аткарганындай айтканын эч качан көргөн эмесмин. Айта баштаганына 20 мүнөтчө болгон кезде Сакемдин айкырыгы таш жарып, муруттары бириндеп, эки этеги дирилдеп, кадим Тайторуну жылоолоп алып, өзү сүрөп келе жаткансып:

Арстан Манас өлбөй кал,

Азапты бейбак көрбөй кал. 

Кандай мүшкүл болот деп,

Кайгырып бөлдүм санаамды,

Кардымдан чыккан баламдан,

Капыстан өлүп каламбы?! - деп Каныкейге кошулуп, Сакем ыйлап кирди шолоктоп. Залда тырс эткен дабыш жок, эл Сакеме айрандай уюду. Айтканына жарым саат болгон кезде “токто деп белги берсем, көрбөйт, токтолор түрү жок. Кирген буурадай буркулдап, оозунан көбүк чачып, буркан-шаркан түшүп, Сакем угуучуларды башка бир дүйнөгө жетелеп кетти. Бир кезде көз жашын жоолугу менен сүртүп жатып, менин берген белгимди көрүп токтоп калды... Окумуштуулардан академик Козин чыгып«Мен көп элдин жомокчу, ырчылары, артисттеринин эпос аткарганын, ырдаганын көргөм, бирок Каралаев сыяктуу укмуштай таланттуу аткаруучуну көргөн эмесмин... Каралаевдин аткаруусу ушунчалык таланттуу, мунун азыркы аткарган «Манасына» тил билбесек да түшүнүп, катуу таасирлендик» деди. 

Ошол барышында Саякбай атабыз москвалык чоң жазуучу Леонид Леоновдун сыйына татып, сексен ириктин кунундагы ичи кундуз, сырты күрөң замшы, кыш жакалуу ичигин кийип, академик Виктор Максимович Жирмунскийдин үйүндө конокто болуп, Ленинграддын Эрмитажын, байыркы эстеликтерин, ажайып кооз жайларын көрүп кайтышкан экен. 

Ошентип, ата-бабасы атын угуп-көрбөген «Калеваланын» мекенине барып, тил билбеген бөлөк элге, бөтөн журтта «Манасты» дүпүлдөтө айтып, көрүп отурган көпчүлүктүн оозун ачырып, таңкалтырып, «Манасты», кыргыз элин таанытып, болуп көрбөгөндөй сый-урмат менен кайткан Саякбай атанын кылымдан кылымга айта жүрө турган эрдигин буга чейин ким жасаптыр- деген мыйзамдуу суроо туулат. Эрдиги эрдик эмей эмне?!


(Уландысы кийинки санда)  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер