Акыркы кабарлар
» Коом » Түнкү уйкусуздукка кабылганда эмне кылуу керек?
Түнкү уйкусуздукка кабылганда эмне кылуу керек?
22-февраль, 18:00
1 445 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Туура жана толук кандуу уйку адам баласынын ден соолугу үчүн абдан пайдалуу. Биз уктоо аркылуу өзүбүзгө керектүү энергияны топтой алат экенбиз.Ошол эле учурда уйкусуздук адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Ал эми уйкусу канбаган адам үй жумушун жасоодо жана жумушта алсыз болот. Андыктан уйкусуздукка кабылган кезде дароо анын алдын алган жакшы.
Адистердин айтымында, төшөктө тизесин бүгүп жаткан адамдардын 63 пайызы тынч жана бат уйкуга кетет экен. Тизени бүгүү адамдын денесин эс алдырат. Сиздин булчуңдарыңыз эс алып, уйкуга кеткенге даяр болот. Аял киши же эркек болобу бул ыкма баарына жагат. Аны адистер адамдардын күнү бою дене бою түз жүрүп, булчуңдарга күч келгендиги менен түшүндүрөт. Ал эми чарчаган денени эс алдыруу үчүн тизени бүккөн абдан пайдалуу. Андыктан мыкты уйку сиздин мээңиздин эс алуусуна жана ден соолугуңуздун чың болушуна себеп болот.