Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Галина Байтерек: “КТРКнын рейтинги төмөндөп кетти, аброюн көтөрүү керек”

Галина Байтерек: “КТРКнын рейтинги төмөндөп кетти, аброюн көтөрүү керек”

04-январь, 09:30
1 555 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда башкы улуттук каналдын макамы тууралуу талкуу Кыргызстандын медиа талаасында курч турат. Өлкөнүн негизги каналы кандай болушу керек, аны ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн негизги талаптар жана бийлик менен телеканалдын алакасы тууралуу биз өлкөнүн атактуу теле алып баруучусу, ошондой эле президенттин мурдагы маалымат катчысы Галина Байтерек менен маек курдук.

-- Кесиптик жашоосунун олуттуу бөлүгүн КТРКга арнаган адам катары улуттук телеканалдын макамы сиздин оюңузча кандай болуусу керек? Бул тууралуу эмне деп ойлойсуз?

-- Мамлекеттик телеберүү – негиздөөчүсү өкмөт болгон канал, б.а., мамлекеттин жүз пайыздык каржылоосундагы мамлекеттик канал. “Коомдук телеканал” көрнөгү тагылган КТРК толугу менен мамлекеттик бюджеттен көз каранды болуп, жарнамадан да киреше алчу, бирок ал каржылык операциялар каржы министрлиги аркылуу өтчү. Бир нече жыл мурун бейөкмөт тармагынын өкүлдөрү “КТРК жөнүндө” аттуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, анда “каржы министрлиги каналдын каржылык коопсуздугунун жана анын иштөөсүнүн негизги кепилдиги болуп эсептелинет” деп жазылган. Жөнөкөй логика менен карасак, максаты жана иш-аракети аталышына туура келиши керек. Бул – биринчиден. Экинчиден, мамлекеттик маалымат коопсуздугун ишке ашыруу жаатында КТРК маанилүү аспаптардын бири, ошондуктан, албетте, мамлекеттик түзүмдөр негизги ролду ойношу керек. КТРК аркылуу кыргызстандыктар баардык расмий маалыматты алышат, б.а., жарандарга президенттин, өкмөттүн, парламенттин позициясын жеткирген ЖМК. Ошондуктан бул жерде мамлекеттин расмий позициясына күмөн санаткан саясый оюндарга жол берилбеши талап. Дагы бир маанилүү нерсе, коомдук канал макамына ээ КТРК чет өлкөлүк гранттык жардамдарды пайдаланган. Бул да көптөгөн суроолорду жаратты. Мисалы, америкалык мамлекеттик телекомпания Кыргызстандын же башка өлкөнүн бюджетинен каржыланып жатканын элестетүү кыйын. Ошондуктан, маалымат жана улуттук коопсуздукту эске алуу менен КТРК улуттук теле жана радиокорпорациясы болуусу логикага жаткан нерсе.

-- Мамлекеттик телеканалдан бийликти сынга алуу туурабы?

-- Туура. Себеби, мамлекеттик ЖМК – бул жалпыга маалымдоо каражаты, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жашайт. Бул президенттин же өкмөттүн жеке каналы эмес, ал салык төлөө аркылуу каналдын, деги эле баардык мамлекеттик түзүмдөрдүн иш-аракети үчүн төлөгөн контенттин табыштамачысы болгон элдин, коомчулуктун кызыкчылыгын чагылдырат. Жана да аракеттеги бийликтин оппоненттеринин катышуусу менен телеканалдагы аналитикалык берүүлөр, пикирлер плюрализмин чагылдырып турат. Парламентте оппозициялык партиялар бар жана алар да КТРКдан чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк алган, буга чейин деле мамлекеттик маалымат ресурстардан пайдалана алган парламенттик оппозициялар болгон.

-- Мамлекеттик теле жана радионун мындан аркы өнүгүүсү кандай болот?

-- Агымдагы окуяларды чагылдырууда жана маалымат берүүдө мамлекеттик телеберүү максималдуу түрдө объективдүү болуусу талап. Коомдун баардык катмарларынын жана топторунун кызыкчылыктарын чагылдырган редакциялык саясатын түзүү керек. Бийликтин баардык бутактарынын отчеттуулугун чагылдырып, алардын иш-аракеттеринин тунуктугун камсыздоосу шарт. Көрүүчүлөр менен сапаттуу байланыш түзүп, такай мониторинг жүргүзүп, коомчулук менен диалог куруусу зарыл. Телеберүүлөрдү даярдоодо жана аны таркатууда заманбап телекоммуникациялык технологияларды пайдалануу керек.

Мамлекеттик телеканалдар жеке телерадиокомпаниялардан чыгармачылык жана технологиялык жагынан артта калбастан, телеберүү жана радионун заманбап саясатынын жолбашчысы болуусу абзел. Телерадиокомпаниялар менен алдыңкы университеттердин күчүн бириктирип, теле жана радио кызматкерлерин даярдоодо заманбап окуу базасын түзүү – замандын талабы.

-- Көпчүлүктүн айтымында, КТРКнын негизги көйгөйү – сапатсыз контент жана жетишсиз каржылоодо. Сиз бул тууралуу эмне деп ойлойсуз?

-- Кыргызстандагы заманбап теле жана радиоберүүнүн, ошондой эле контенттин сапаты акчага барып такалат. Жакшы программа деген эмне? Бул жалаң гана контент эмес, бул – программанын көркү, кызыктуулугу. Биздин көпчүлүк программаларыбыздын маңызы жана мазмуну жакшы. Жалпы жонунан КТРКда кесипкөй, таланттуу, тапкыч, баардык адистиктеги адамдар иштешет. Бирок, кээде программанын жасалгасы, жарыктандыруусу аксап турат. Теледолбоордун ийгилиги бир гана адамдан көз каранды эмес, гример, жарык берүү адиси, дизайнер жана продюсер сыяктуу адистердин ишине жараша болот. Долбоор мыкты чыгышы үчүн ага каражат салуу керек. А бизде андай акча жок. Бизде продюсерлер директор сыяктуу, башкарып гана турат, ал эми алып баруучу – автор дагы, сценарист дагы, уюштуруучу дагы. Ал катышуучуларды чакырат, программаны алып барат. Мисалы, орусиялык телекомпанияларда алып баруучунун бир гана максаты бар – жакшылап даярданып, программаны мыкты алып баруу. Ал эми атайын адамдар программага чакырылган меймандарды тандап, алып келет. Режиссердун да өз максаты бар – программаны “кооз” кылып көрсөтүү, жарык берүүчү жарыкты туура коюп, кадрдагы адамдар кынтыксыз тартылгандай кылуу. Мына ушул адамдардын биргелешкен иши натыйжада программаны жогорку деңгээлге көтөрөт. Бизде болсо программаны даярдоого ошончо кызматкерлерди тартууга, тилекке каршы, мүмкүнчүлүк жок. Каражатыбыз жетишпейт, жадагалса жарнамадан түшкөн акчаны да каржы министрлигинен ала албай отурабыз. Мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүп берүүнүн кажети жок, жарнаманын эсебинен акча табууга болот. Бирок ал каражат түздөн-түз телекомпанияга түшкөндөй кылуу керек. Ал үчүн, мисалы, атайын эсеп ачып, ал жерге жарнамадан түшкөн акчаны топтосо болот. Азыр каржы министрлиги биздин акчаны жыл аягында, бөлүп-бөлүп берип жатат, башкача айтканда, акча керек болгондо аны ала албайбыз.

КТРКнын дагы бир көйгөйү – кадрлардын агымы. Телеканалга студенттер көп келет, биз аларды үйрөтөбүз, алар тажрыйба алат, мыкты адис, журналист, теле алып баруучу же башка адистиктерден тажрыйба топтошот, анан айлыгы аз болгондуктан кетип калышат. Учурда КТРКдан чыккан эң мыкты алып баруучулар жеке телеканалдарда иштешүүдө, бул абдан өкүнүчтүү. Биз кызматкерлерди тажрыйбасын жогорулатып, жаңы билим алып, заманбап технологияларды пайдаланууну үйрөтүүчү тренинг же семинарларга жөнөтө албайбыз. Натыйжада, көпчүлүк кызматкерлер мүмкүнчүлүгү кең жерлерге кетишүүдө.

Каржылоонун аздыгынан улам продакшн-студиялардан программаларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелген. Башка телекомпаниялар үчүн бул көнүмүш адат. Канал жетишпей жатса, же белгилүү бир программаны жасоого ресурсу жок болсо, ал ага табыштама берет же сатып алат. КТРК мындай мүмкүнчүлүктү өтө сейрек пайдаланат. Бирок менин пикиримде, жакшы долбоорлорду алып көрсөтүү керек. Ал эми өз күчүбүздү (бир-экөө болсо дагы) сапаттуу, рейтингди көтөргөн программаларды жасоого жумшоо керек.

Азыр КТРКнын рейтинги төмөндөп кетти, ошондуктан, телеканалдын аброюн көтөрүп, ал мурдагыдай эл оозунан түшпөгөн, рейтингдүү, өлкөдөгү №1 канал кылышыбыз керек. Анын өз баалуулуктары, салт-санаасы, өзгөчөлүгү бар, мына ошолорду пайдалануу зарыл. Мен азыр КТРКда иштебесем да, ал мен үчүн абдан жакын, жылуу көрүнөт. Мен ага абдан ыраазымын, себеби жашоомдун баардыгы аны менен тыгыз байланышкан. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер