Акыркы кабарлар
» Коом » Коронавируска чалдыккандар эмнеге терезеден бой ташташууда?
Коронавируска чалдыккандар эмнеге терезеден бой ташташууда?
17-июль, 13:45
692 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ош шаардык клиникалык ооруканасында коронавирус илдети менен ооруп, дарыланып жаткан 65 жаштагы эркек киши оорукананын экинчи кабатынан боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 15-июль күнү кечки саат 22:00дөр чамасында болгон. Маркум алган жаратынан улам каза болуп, тийешелүү медициналык экспертизалар дайындалды. Бул факты өзүн-өзү өлтүрүү фактысы катары каттоого алынды.
Милициянын маалыматында, 2020-жылдын 1-июлунда коронавируска кабылып ушул эле ооруканада дарыланып жаткан 34 жаштагы аял да терезеден боюн таштап каза болгон.