Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрнест Карыбеков, эксперт: “Өлкөдөгү экономикалык саясат тарифти көтөрүүгө, салыкты көбөйтүүгө айланды”

Эрнест Карыбеков, эксперт: “Өлкөдөгү экономикалык саясат тарифти көтөрүүгө, салыкты көбөйтүүгө айланды”

24-декабрь, 18:28
1 945 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү жоюу, эскилиги жеткен тетиктерди жаңыртуу үчүн электр жарыгын кымбаттатуу жагы айтылып келет. Эмнеге тариф жогоруласа деле кыш келгенде светти өчүрүү адаты кала элек?

-- Туура айтасыз. Тышкы карыздын эң чоң көлөмү (2 миллиард долларга жакын) – бул энергетикага кеткен карыз. Албетте, уурдалгандан калган акчага тетиктер оңдолуп атты. Кытайдан кайра-кайра болбогон счётчик алып келип атып, бир топ акча солонду. Бишкек ТЭЦтеги уурулукту элдин баары билет. Ремонтко жараган 8 от казан, 4 турбинаны (жылуулук+электроэнергия) кесип салып, Кытайдын электроэнергия чыгарган 2 блогун коюп коюшту. Чынында ТЭЦ деген жылуулук жана электр станциясы. Демек, от казандар буу чыгарып, ысык суу жана жылуулукка жиберет. Калган бууну турбогенераторго айдап, электроэнергия чыгарат. Датка-Кемин электр линиянынын подстанциясын Кеминге эмес, Балыкчыга куруш керек экенин айтып какшасак да укпай коюшту. Маселен, Ысык-Көл облусунда 500 киловаттык линия жок. Электр энергия тартыш. Аны куруу үчүн кредит алганга дагы канча убакыт кетмек? Маселе бар. Учурунда биз берген сунушка маани бергенде бир кредит менен натыйжалуу долбоорду ишке ашырып алмакпыз.

Азыркы өлкөдөгү каржы-экономикалык саясат бул тарифти көтөрүү, салыкты көбөйтүү, мамлекеттик мүлктү сатуу болуп калды. Ошон үчүн ушул системадан чыгуунун жолун табышыбыз керек. Тагыраагы, мамлекеттик натыйжалуу башкарууга барбасак, тариф өсө берет. Бирок натыйжа көрүлбөйт. Электр энергиясын жеткире турган ортомчулар бар. Алар административдик ресурстарды пайдаланып, мамлекеттик тармак өзү куруп ала турган линияларды, трансформаторду алган кредитке курушкан. Мамлекет аларга жеңилдетилген төмөнкү тарифтерди берип, ортомчулар элдин эсебинен байып отурушат. Негизи ортомчулар жоюлса, киреше энерготармакка түшөт. Бул жагын бириктириш керек. Себеби, ирилешсе башкармалыгы эки-үч эсе жоюлмак. Өлкө капиталисттик системадан чыгып, өзүбүздүн өнүгүү жолубузга түшүп алсак, тариф маселеси көтөрүлбөйт эле. Ушул саясат менен кете берсек, өчүрүүлөр болот жана улана берет. Демек, бул маселеге электр тармагы боюнча саясатты жүргүзгөн министр жооптуу.

-Бул жерде эл биле бербеген дагы жагдайлар барбы?

-- Бар. Жашыл энергетика деп трансулуттук корпорациялардын таштандыларын алып келип, 4 сом 42 тыйындан энергиясын сатып алып, өлкөнүн экономикасына жана элге жүктөп, тарифти көтөрүүдө. Шамал, күн электростанциялардын жабдыктарын жер сиңирбейт. Натыйжасы төмөн. Кымбат электростанциялардын бизге эмне кереги бар, баасы 1 сомдон арзан салттуу электроэнергиябыз турганда. Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруп алсак, Токтогул ГЭСи менен тең 1200 мВт/саат электр энергиясын өндүрүп, элди жарык менен камсыздап калат. Азыркы бийликтин келгенине 4 жыл болду. Ошол келгенде эле Кара-Кече электростанциясын куруп баштаганда, азыр иштеп калмак. Эл кыштан жеңил чыгып, тариф арзан берилип, импорт жок, экспорт бар болуп, сууну башкарып, өндүрүш өсүп, жаңы өнүгүү жолуна түшмөкпүз. Кайран гана убакыт короду... Эми мындай көрүнүш улана берет, өчүрүүлөр көбөйө берет. Мурун эл 4 тыйындан, экономика, өндүрүш 2 тыйындан 1 кВт/саатты алчу элек. Экономика приоритеттүү болчу. Азыр өндүрүшкө тарифти асмандатып көтөрүп коюшту. Энергетика экономиканын, жалпы өлкөнүн коопсуздугун пайдубалы болсо, анда кантип бул саясат менен экономиканы өстүрөбүз?” деген маселе жаралат.

-- Буга чейин алынган тышкы карыздын көбү электр тармагын жакшыртууга жумшалса, эмнеге алдыга жыла албадык?

-- Тышкы карыз, системалык коррупция жөнүндө жогоруда айтып кеттим. Жеке эле акча санагандар тармакты, жалпы экономиканы башкара берсе, карызга бата беребиз, коопсуздукка терс таасирин тийгизген майнинг фермалар көбөйөт. Элге, экономикага электроэнергия жетпей, свет өчүп, тариф өсө берери айныксыз. Чет өлкөдөн "жашыл энергетика" деп кымбат таштанды алып келе беришет. Калпы чыгып калбасын таризинде алар "жашылга" салттуу ГЭСтерди кошуп коюшту. ГЭСтер салттуу электростанцияларга кирет. Башкаргандар акчаны эле эске алып, физиканын, жаратылыштын, Жараткандын мыйзамдарын эске албай жатышат.

-Ошондо “жашыл энергетиканын” пайдасынан зыяны көппү?

-Мамлекеттин денесине кан соргучтай жабышып алган, өлкөгө каршы долбоорлорду ишке ашырган шылуундардан арылуу зарыл. "Жашыл энергетика" – бул баягы эле приватташтыруу, жеке менчик колго өткөрүү, "ортомчулар жок болсо өлөбүз, баарын базар шарты түздөп кетет деген мошенниктердин саясатынын уландысы. Канча, кандай бийлик келбесин, баштарын айлантып, мамлекеттин фундаментин талкалаган саясатты жүргүзүшөт. Өлкөнү ушундай "кан соргучтардан" тазалашыбыз керек. Антпесек оңолбойбуз.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер