“Курсан Асанов бийликтен коркпойт, “Бүтүн Кыргызстан” менен аягына чейин барат”
Соцтармактарда “Курсан Асанов “Бүтүн Кыргызстандан” кеткени калыптыр...” деген маанидеги билдирүүлөр тараган. Бул маалыматты билүү таризинде Адахан Мадумаровдун ишенимдүү досу Өмүрбек Суваналиевге кайрылып, ынанымдуу жооп алдык. “Курсан Асанов “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен аягына чейин барат. Андай ушак кептерди атайын чыгарышып, каралап жатышса керек. Ал бийликтен коркпойт!” деди.
Сыягы, “Комиссар Каттани” коллегасына дух берип, чыңалтып койгон окшойт. Образдуу салыштырганда, марага коё бере турган күлүктү саяпкер таптайт эмеспи. Курсан Асанов дал ошондой “суутулуп”, алдынан чыкканын тебелеп кетүүгө ашыгып, алыска чуркай турганын элестеттиңерби? Радикалдуу оппозициялык талаада көрк берип, курч сын-пикирлери менен элди алууга катуу киришери каңкууланды.
Aryba.kg