Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акбар Кубанычбеков, акын: “Үмүттөрдү алыстаткан кара түтүн...”

Акбар Кубанычбеков, акын: “Үмүттөрдү алыстаткан кара түтүн...”

25-январь, 15:38
1 918 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Саясый акыбал менен шаар көрүнүшү чагылдырылган сонун ыр жаралыптыр...

-- Чындыгында өлкөдөгү саясый акыбал дагы түнөрүп тургандай, келечегибиз бүдөмүк болуп калгандай таасир калтырууда. Бир кезде Алыкул Осмонов “Көпкө турбас мобул турган сур булут” деп жазган. Азыр биздикин булут эмес түтүн, ыш каптап калды. Булут да жакшы, бир аз туруп тарап кетет. Түтүн кантип кетет?

Лондонду да бир жылдары ушундай ыш каптап, ошондо атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан экен. Лондондо ошол ыштын айынан миңдеген адамдар каза болгону айтылат. Ошол маалыматтты окугандан кийин жүрөгүм ооруп, “элдин келечеги, жаш муундун ден соолугу, өпкөлөрү эртең кандай болот?” деген ой кыйнады. 

Бишкекте быйыл өзгөчө суук, кээде жылып, кайра күндүн нуру өтпөгөндөй. Күндүн нурун, түндө жаркырап тийген жылдыздарды, таптаза табигатты сагындык. Өлкөдөгү саясый нерселерге көп деле аралашкым келбейт. Бирок, бул нерсе мени тынч койбой ушул ырды жараттым. 

Калкым жанын тырышып багып жатат,

Саясатта жоргосун чабып жатат.

Үңүрөйүп каптаган кара түтүн,

Үмүттөрдү негедир алыстатат.


Күздү көмүп карына кыш да келет,

Кышты коштоп жылына ыш да келет.

Кара аюуга айланат аппак аюу,

Жигит барып бергиче кызга белек.


Жаңылыктар дүйнөлүк кеп кылганда,

Коопсуз эмес, кооптуу шаар деп турганда.

Куш аттуулар айланып учуп жүрөт,

Конобуз дейт оңтойлуу ТЭЦ курганда.


Кара селде бул ТЭЦтин оронгону,

Кара түтүн калаада жоголбоду.

Кайран гана Бишкегим, борборум ай,

Чоңдоруң, же жолдоруң оңолбоду.


Кырдан аша албаган өлкөбүздү,

Кыйначудай көк түтүн көпкө бизди.

Ковид менен күрөшүп бүтө албаган,

Колдо Кудай, колдогун өпкөбүздү!..


06.01.2021 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер