Сакалчан Садыбакас Доолов ачуу үнү менен муңканып, бийликти жарга такаганы кандай?

Башында Садыр Жапаров казино ачууну көздөп, элге ынанымдуу түшүндүрүп берген. Кыргызстанда ишке кире турган казинолорго жарандарыбыздын ойнобосун белгилеп, чет элдиктер гана алектенишерин эскертип. Бул боюнча күч органдары катуу көзөмөлгө алышарын айткан эле. Эгерде айрым мекендешибиз кармалып калса, ал казинонун жабылары да эскертилген. Демек, көзөмөл эки тараптан тең болот. Мындай жагдайда туристтер, саякатчылар гана кумар ойношору, артынып келген акчаларын таштап кетишери маалым. Талаша турган маселе жок. Бирок, улам эле молдокелер баш көтөрүшүп, мамлекеттик саясатка тиштери өтпөсө да динди бетке кармашып, элдин башын айланта башташты. Аз күн мурда Садыбакас Доолов аттуу сакалчан казионолордун ачылышына каршы ачуу үнү менен муңканып, бийликти жарга такай сүйлөгөнү кандай? Ушинтип эле колго-бутка жармашып, өкмөттү элге жек көрсөтө беришеби? Алыс барбай эле коёлу, жакынкы Борбор Азия айдыңында молдокелер саясатка, мамлекеттик иштерге аралашмак турсун, оозанып сүйлөшпөйт. Бизде болсо баары башаламандык нукка бурала баштады го? Эй, светтик өлкөбүз! Конституцияда дин саясаттан тышкары экени жазылып турат. А эмне үчүн анда мыйзам аткарылбай, молдокелер көпчүлүктү адаштырууда? Тартипке салууга мезгил келди!
"Азия Ньюс" гезити