Акыркы кабарлар
» Коом » Алтынай Өмүрбекова ыктыярдуу дарыгерлер менен инфекция очогунда
Алтынай Өмүрбекова ыктыярдуу дарыгерлер менен инфекция очогунда
26-март, 13:59
462 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын коштоосунда ыктыярдуу дарыгерлер тобу инфекция очогундагы дарыгерлерди колдоо жана алмаштыруу үчүн Бишкектен жөнөп кетишти. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, жерине реаниматолог жана инфекционист дарыгерлер жөнөп кетишти.
Маалыматка ылайык, аларга жеке коргонуу үчүн керектүү каражаттар берилди жана иш сапар акылары төлөндү. Бул инфекция очогундагы дарыгерлерди колдоо жана алмаштыруу үчүн кеткен биринчи эле топ.