Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ишенбеков, Абдыкеримов, Усуповго окшогон эл бузарлардан алыс бололу!

Ишенбеков, Абдыкеримов, Усуповго окшогон эл бузарлардан алыс бололу!

14-декабрь, 01:00
1 799 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу Балыкчы шаарынын тургундары!

“Бетеге кетип бел калат, бектер кетет эл калат” демекчи, мамлекетибиз ɵзүнчɵ эгемен ɵлкɵ болуп түзүлгɵндɵн бери элибиз кыйынчылыктардын үстүндɵ келе жатканы жашыруун эмес. Ушул күнгɵ чейин 30дан ашык ɵкмɵт башчы алмашты. Баарын эле кетирип, “кыңыр” иштерин жаап-жашырып, “биз жаман кɵрүнбɵйлү, кырк жылдан кийин ɵзү билинет” деп жогору жактагы “бектерибиз” билмексен болуп отурушат. 

Башкача айтканда, ушуга чейин кыргыз элибиздин айкɵлдүгүн мыйзамсыз иштеген “бектер” колдонуп келишти. Алар элдин атын жамынып алышып, элдин эсебинен каржылануучу кызматтарга барат, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланышып, анан коркунучтун белгилери кɵрүнɵ баштаганда “ɵз каалоосу” деп иштен кетип калышат. Анан кɵп ɵтпɵй дагы бир кызматка дайындалып калган болот. Бирок, мурунку жетекчилик кызматындагы мыйзамсыз иштерине жооп бербейт! Ушундай нерселер тынымсыз кайталана берсе, биз кантип ɵнүгɵбүз? Кээ бир алдуу-күчтүү жигиттер шайлоолордо бийликтин ырын ырдашып, тез эле кɵп каражат менен алардын штабдарын башкарышат, шайлоодон кийин жакшы кызмат сурашып, бийликтин жанынан чыкпай калышат. Бирок, эмнеге ошол каражаттарын кыйналып турган элге берели дешпейт?! 

Ɵздөрү мамлекеттик кызматта отурса деле шайлоо иштерине жакындан аралашып, үгүт иштерин жүргүзүп жүргɵндɵр аз эмес. Мисалы, Сооронбай Жээнбеков президенттикке аттанып чыкканда Балыкчы шаарындагы штабын Урмат Ишенбеков, Нурлан Абдыкеримов, Бакыт Усупов деген мырзалар каржылап, маселени ɵздɵрү чечип турушкан. Так ушулар кийин “Биримдик” партиясынын туусун кɵтɵрүштү. Эми дагы азыркы шайлоодо фаворит боло турган кандидаттын штабын айланчыктап жүрүшɵт. Булар “эл кɵрбɵйт, укпайт” дейби? Кайсы бийликке болбосун “кулдук урган”, жагалданып бийликтин агымы менен кошо кете берген ушундайлардын айынан шайлоо учурунда ар кандай мыйзамсыз ыкмалар колдонулуп, жыйынтыгында эл нааразы болуп, акцияга, митингдерге чыгып, канча деген жаш жигиттер жаракат алышып, дене-мүчɵлɵрүнɵ зыян келтирилип, эне-аталары сыздап жүрүшɵт?! Октябрь айындагы митингде ɵмүрүнүн бир гүлү ачыла элек жигит каза болду. Булардын убал-сообуна карабай, кайрадан Балыкчыга келишип, “маселе чечебиз” деп шымаланып отургандары – элди сыйлабастык!

Менин айтайын дегеним, Балыкчы шаарында дагы муниципалдык, мамлекеттик кызматты кыянаттык менен колдонуп жүргɵн жетекчилерди люстрация аркылуу тазалоо – бүгүнкү күндүн зарыл маселеси болуп турат. “Дүжүр” жактоочулардан арылып, тазаланып иш алып барбасак, ордубуздан жылбай отура беребиз!


Урматтуу жердештерим!

Урмат Ишенбеков, Нурлан Абдыкеримов, Бакыт Усуповго окшогон эл бузарлардан алыс бололу! Алардын тийгизген терс таасирлерин жалгыз гана шаар тургундарына эмес, бүтүндөй кыргыз элине каалабайм. Жаштар октон жаракат алып, келечек үчүн өз өмүрлөрүн астыга салып жүргөн маалда, жогоруда аты аталгандар “кылгылыкты кылышып, кыл жип менен бууп коюшуп”, билмексенге салышып, Балыкчыга келишип, “кайрадан саясатты калчайбыз” деп жатышканы – жеткен уятсыздык! Карапайым эл билиш керек. Баардык нерсе өз колуңарда. Жакшылыгы жок шылуундар сиздерге кийин деле кызмат кылбайт! Демек, тазаланууга өз салымыңыздарды кошуп, адам тандап иштешели деп сиздерге сунуштайт элем! 

Ар кандай кырсыктардан тышкары болууңуздарга тилектешмин, сиздерге бекем ден соолук каалайм!


Сиздерди урматтоо менен ачык кайрылуу жолдогон Жогорку Кеңештин депутаты Сталбек Молдалиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер