Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Окуп жаткандар азыр “ушундай аялды кантип коё берди?” дейсиңер да

Окуп жаткандар азыр “ушундай аялды кантип коё берди?” дейсиңер да

10-май, 16:58
1 848 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сен экөөбүздүн мамилебизге кимдер гана каршы болушкан жок? Менин апам, сенин ата-энең, дегеле чөйрөдөгүлөрдүн баары каршы болушту. Бирок менин сезимиме өзүмө караганда сен көбүрөөк ишендиң. Мурдагы аялым менен ал кезде толук ажыраша элек болчумун. Ал керек болсо биздин үйдөн кете элек болчу. Ага карабай сен менин жанымда болдуң, колдодуң, жарандык никеде жашоого макул болдуң, ар бир сөзүмө ишендиң. Анда сенин айланаңда кандай гана сөздөр сүйлөнбөдү: “аялы бар неме менен жашап алыптыр”, “баланчанын күндөшү” дешти. Жадагалса жакын курбуларың да сени сөөмөйү менен көрсөтүп, бири-бири менен шыбырашышты. Бирок сага менден башкасы таасир бере алган жок. А мен акмак.... Мен чынында курбуларың, ата-энең айткандай эле акмак болдум, баркыңа жете албадым...

Сен жөн кыз эмес элең, бир чоң компанияда директордун орун басары болчусуң. Жаш, сулуу, жылдыздуу, амбициялуу элең. Каалаган жигитти кармап алмаксың. Ансыз да жигиттерден келген билдирүүлөр, чалуулардын баарын менден жашырганыңды билчүмүн. А сен жумуштан шашып келип, менин киримди жууп, тамагымды жасап, мен деп гана жашадың. Баарынан да сенин жайнаган көздөрүң... Экөөбүздө бир жакшы нерсе болсо, көздөрүң жайнап кубанчу элең го! Ошол кубаныч, сүйүү, ишеним, толуп жайнаган көздөрдү унута албадым. Чын эле көп кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Акчадан кыйналган учурлар да болду. Банкрот болгонумда карыздарымды жабыш үчүн 100 миңдеп, 200 миңдеп акча таап келип карматып жаттың. Катуу урушкан күндөрүбүз болду, базардын ортосунда, той учурунда, кыскасы, турган жерден жарылып кетмейим бар болчу. Ар кимдин сөзүнө кирип алып сени урушканым да болду. Окуп жаткандар азыр ушундай аялды кантип коё берди?” дейсиңер да. Колдо бар алтындын баркы жок деген ушул окшойт. Колумдан учуп кеткенде гана сезип жатпаймынбы. 

Акыркы урушубуз кызганычтан болду. “Диананы башка бирөө менен көрдүм” деген досумдун сөзүнө кирип, сага бир тийдим. Ал кесиптешиң экенин, экөөң жумуш боюнча жолугушканыңарды айтсаң да ишенген жокмун, намысыңа тийчү сөздөрдү сүйлөдүм. Сен да тажадың окшойт. Эртеси жумушка кетсем, үйдөн кетип калыптырсың. Билген жеримдин баарынан издедим, таппадым. Үч күндөн кийин Россияга кеткениңди уктум. Бир айдан кийин турмушка чыкканыңды айтышты. Эжелериң сен барганча жигит даярдап турушкан экен, ошол жигитке күйөөгө беришиптир. Ичим ачышты. Тыбырчылап сени менен байланыш издедим. Чалып да, жазып да көрдүм. Сенден жооп болгон жок.

Сен кеткенден кийин бир топ кыздар менен мамиле куруп көрдүм. Азыр байкасам, алардын баарынын тышкы келбети сага окшош экен. Бирок бирөөнөн да сеникиндей мага ишенип, сүйүп караган көздөрдү тапкан жокмун.

Азыр мен кайрадан бутума тургам. Жок дегенде сен берген акчаларды кайтаргым келди. Кайда иштээриңди, кайда жашаарыңды билип алып, эки ай мурун Москвага бардым. Ошол акчаны берейин деп эки күн жумушуңда күзөттүм. Биринчи күнү жумушка келген жоксуң. Экинчи күнү болсо күйөөң жаныңдан чыкпай койду. Чогуу иштейт экенсиңер. Жаныңа бара албадым. Кийинки күнү жумуштарым чыгып, Бишкекке кайтышым керек болду. 500 миң сомду катып коюп, жок дегенде акчаңды кайтарып жакшылык кылайын деп убактысын күтүп жүрөм. Жаман оюмда жолукканда сенден “алып кетейинби?” деп сурагым да келет. Балким, сурайм. Макул болуп калсаң, ээ?..

Расул

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер