Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бермет Наралиева: “Бүгүнкү опол тоодой маселе эртең эле майдаланып кетиши мүмкүн”

Бермет Наралиева: “Бүгүнкү опол тоодой маселе эртең эле майдаланып кетиши мүмкүн”

06-ноябрь, 11:29
468 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы убакта суицидге барган үрөй учурган окуялар көп кайталанчу болду. Анынр алдын алуунун кандай жолдору бар? Кандай белгилерин байкасак болот?” деген суроо менен психология боюнча доцент Бермет Наралиева менен маек курдук. 

-- Суицидге баргандардын алдын алууга мүмкүнбү, өз жанына кыянаттык кылгысы келген адамдар сизге кайрылабы? 

-- Өз жанына кыянат кылгандар адатта кайрылышпайт. Алардын жакын адамдары кайрылган учурлар болот. Көбүнчөсү өткөөл мезгилдеги себептерден (подростковой период), жаш келиндер ар кандай турмуштук, социалдык маселелердин ырбап кеткен чыр себептеринен улам кайрылышат. Негизи эле суицидге кабылган адамдардын аң-сезиминин түпкүрүндөгү мотив өч алуу, өлүп берип өч алуу турат. Психикасынын кыйынчылыкка туруштук бере албай калышы, тегеректегилердин, эң жакын адамдарынын кайдыгерлиги да себепкер болот. Азыркы учурда калктын психикалык саламаттыгына эч кандай көңүл бөлүнбөйт. Жашоодо чечилбеген маселе жок. Бүгүнкү опол тоодой маселе эртең эле майдаланып кетиши мүмкүн. Өмүрдүн баалуулугу тууралуу маалымат, тарбия өз деңгээлинде берилбегендиги да себепкер.

-- Деги эле сиз иликтеп көрдүңүзбү, суицидге барган адамдардын тагдырына, курактарына?

-- Илимде ар кандай кубулуш чөйрөнүн, коомдун таасиринин астында жана тукум куучулуктун да таасиринин бар экендигин тастыктаган эки көз караш бар. Мага кайрылган бир окуучу тууралуу айтсам, аны мектеп директору алып келген. Бир тууган агасы каза болуп, баладагы депрессияны байкап, апасы жер которуп  шаарга көчүп келген экен. Ал балага генетикалык анализ жүргүзүп келгенде ата тукумунда өзүн өлтүргөндөр, эрте жаш курагында кырсыктап жаш өлгөндөр катталды. Ал окуучу менен бир нече сеанс өткөргөндөн соң ыраазычылык билдирип, анын апасы келип кайрылды. Андан кийин апасы менен да бир топ иш алып барып, алардын жашоосу жакшы жагына өзгөрдү.

-- Тукум кууган учурлар да болот экен да?

-- Улуттук аң-сезимден келип карай турган болсок, эгер тукумунда мындай кырсыктар болуп келген деген ой санаа, күмөн саноо боло турган болсо, анда ата- энелер ата-бабалардын ар түрдүү ырым-жырымдарын жасап койсо ашыктык кылбайт. Бул ритуал процесси деле аң-сезимди ынандыруу механизминин негизинде жүрө турганын эске алып койгон оң. 


 Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер