Гүлмира Үмөталиева: “Башаламандык менен бийлик алмаштыруу – мамлекеттик системага доо кетирет”

Бүгүнкү күндө КООРТ жана “5-канал” түзүлгөнүнүн 25 жылдыгын белгилөөдө. Бул каналдагы белгилүү журналист, кыргыз элинин мыкты кыздарынын бири Гүлмира Үмөталиева менен ат жалында маек курдук.
-- Сиздердин жалпы жааматты жана сизди каналыңардын чейрек кылымдык мааракеси менен куттуктайбыз! Теледе иштеген журналист катары айтасыңыз, азыр ар бир адам блогер болгондо теледе иштөө кандай?
-- “Эми теленин заманы бүттү” дегендер да жок эмес. Маалымат алуу жана берүүдө балким блогерлер ыкчам болуп жаткандыр, бирок сапаттуу маалымат дагы туура тамактануу сыяктуу эле: ар бир адам ылгап, карап, терип, анализ жасоочу жагдай. Андыктан, телеканалдар – биз баштагыдай эле бейтараптуулук, калыстык, маалыматтарды тактоо менен элге сапаттуу маалымат берип жатканыбыз менен айырмаланабыз. Андыктан, тандоо адамдын интеллектуалдык дарамети, табитине, деңгээлине жана каалоосуна жараша. Учурдан пайдаланып, мурда жана азыр телеканалыбыздын тарыхын жазган ар бир кесиптешимди бүгүнкү даталуу мааракебиз менен куттуктайм!
-- Сиз КООРТ маалында спорт кабарчысы катары элге таанылдыңыз эле, эмнеге спорттон четтеп кеттиңиз?
-- Спорт – бул менин жандүйнөм, бүтпөс темам. Мен азыр спорт кабарчысы болбосом дагы спорттон алыстаган жокмун. Бул багытта бир нече максаттарым, ойлорум бар. А чындыгында жалаң спорт кабарчысы болсоң, журналистикада жан багуу кыйын. Менин деле жазбаган темам калган жок. Бирок, экономика жана спорт – мен үчүн аябай кызык багыт. Негизи бир багыттуу журналистиканы өнүктүрсөк сонун болмок. Айрыкча спорт журналистикасындагы кеп маданияты мени абдан ойлондурат. Жаш кесиптештерим тил байлыгын байытып, көөнө сөздөрдү азыркы заманга ылайыкташтырып, тилин оңдосо дейм. Тескеринче, кээ бир нормалар сакталбай, тележурналисттер дагы тантык тил менен эфирге чыгып жатканы өкүндүрөт. Биз элдин табитин өлтүрүп жаткан жокпузбу (?) деп чочуп кетем. Балдарыбыздын кеп маданияты жылдан жылга төмөндөп жатканы байкалууда. Ошон үчүн балдардын тилине көңүл бурушубуз керек.
-- Гүлмира айым, сиз социалдык тармактагы активдүү жарандардын бирисиз, азыркы учурдагы массалык камоо, бийлик менен оппозициянын тиреши тууралуу кандай пикирдесиз?
-- Бийлик менен оппозициянын тирешин каалабайм. Биз канчалык төңкөрүш, башаламандык менен бийлик алмаштырган сайын, мамлекеттик системага доо кетүүдө. Эки тарап тең бири-бирин угуп, “меники гана чындык” деген абсолюттук ишеничтен чегинип, мунасага келиши зарыл. Эң биричи кызыкчылык – бул мамлекеттин эгемендиги, эл-жердин бүтүндүгү эмеспи. Бийлик азыркы учурда камап жаткан айрым адамдардын калк арасында аброю нөлгө түшүп турса, аны камоо менен ал сан жогору көтөрүлөт. Эне катары мен да балдарым өнүккөн, тынч өлкөдө жашаса деп тилейм. “Эл аман, эл ичинде биз аман бололу” деген кыргыз философиясы керемет экен!
"Азия Ньюс" гезити