Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төмөндөгү себептер онкологиялык ооруларды чакырат

Төмөндөгү себептер онкологиялык ооруларды чакырат

22-январь, 13:04
1 004 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Немец окумуштуулары “онкология илдетине алып келиши мүмкүн” делген адаттарды атаганын “Медиа плов” жазып чыкты.  

Германиядагы ракты изилдөө борборунун адистеринин ою боюнча, онкологиялык ооруга чылым менен туура эмес тамактануу гана алып келбейт. Учактын тегерек терезесинин түбүнө отургандардын да ракка кабылуу коркунучу күч. Анткени аба кемесинин айнектери 47 пайыз UVA нурун өткөрөт. Бул нурлар терини эрте картайтып, тери рагына чалдыктырышы мүмкүн. Автоунаада кетип баратканда терезени ачып коюу өпкө, табарсык шишигине кабылтышы ыктымал. Смартфондун экранынын түсү да аты жаман илдетти шартташы толук мүмкүн. Курамында минералдуу май кошулган косметика да зыян. Суюк тамактарды, суусундуктарды ысык кылып ичүү да сунушталбайт. Анткени +65 градустан ашкан температурадагы суусундук тканды, тамак сиңирүү клеткасын өлтүрүп, ракты пайда кылат. Боор, ооз, тамак, эмчек рагы ичимдиктен келип чыгышы ыктымал экени айтылды.

Анара НУРБЕК кызы

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер