Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рустам ЖУНУШОВ, Кыргызстан ишкерлер союзуна караштуу тегирменчилер комитеттин төрагасы: “Ун көйгөйү менен Казакстанга көз карандыбыз”

Рустам ЖУНУШОВ, Кыргызстан ишкерлер союзуна караштуу тегирменчилер комитеттин төрагасы: “Ун көйгөйү менен Казакстанга көз карандыбыз”

14-октябрь, 16:44
650 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Рустам мырза, сиздин баамыңызда, быйылкы жылда буудай, ун көйгөйү барбы, кышка даярдыктар кандай?

-- Быйылкы жылы Казакстанда эгин начар болду. Сапаты дагы жок, саны да аз. Казак буудайлары мурдагы жана былтыркы жылдарга салыштырмалуу 30-40 пайызга кымбат болуп атат. 

-- Өзүбүздөчү?

-- Кыргыз айыл чарба министрлиги “600 миң тонна буудай чогулттук” деп маалымат берип атат. Бирок, тилекке каршы, жергиликтүү комбинаттар буудайдын баасын 16 сом деп койдук. Мурдагы жылдары 10 сомдон башталчу. Баары бир апкелген эч ким жок. Себеби, жергиликтүү буудай жок болууда. Комбинаттар кампасын толтура албай атканы байкалууда. Мурун Кыргызстандан буудайды көп чогулткан учурда Казакстандан жарымын эле алчубуз. Экөөнү кошкондо баасы көтөрүлчү эмес. 

-- Эмнеге жергиликтүү буудай жок болуп атат?

-- Эки жылдан бери биздин ун комбинаттары токтоп турду. Дыйкандар өстүргөн буудайларын тапшырганга толук мүмкүнчүлүк болгон эмес. Андыктан айдоо аянттары башка өсүмдүктөргө, анын ичинен арпага бурулуп кетти.

-- А быйыл сиз айткан ун комбинаттары иштей баштайбы?

-- 2013-жылы 60ка жакын комбинаттар бар эле. Бүгүнкү күндө Чүй өрөөнүндө 13 комбинат иштеп турат. Түштүктө баары токтоп турган, учурда биринчи комбинат иштей баштаганын кабарлашты. Бул жерде бир жагдай бар, эгер баягыдай чийки затты апкелгенде бүт салыктарды төлөп, ошол эле учурда көмүскө келген ундар базарга кире берсе, анда биздин комбинаттар токтогонго эле мажбур болобуз. Бул тармакта аябай өнүгүп кетип, комбинаттар иштеп, иш орундарын кайра толтуруу деген нерсе байкалбайт. Айрым гана комбинаттар иштей баштады. Баары бир Казакстанга көз карандыбыз. Казакстан бизге кымбат буудайды берип, үстүнө биз НДС салыгын кошуп, ун чыгарганда деле алардын ундары бизге көмүскө кирип кетсе, кайра эле сатыла берет. Жергиликтүү комбинаттардын уну кымбатыраак болуп, мындай учурда токтобоско айла жок болуп калат.    

-- Казакстандын өзүндө буудай аз болсо, биздеги ундун баасы көтөрүлүшү мүмкүнбү?

-- Казакстандын өзүндө эле буудайдын баасы кымбаттап, бизге да таасирин тийгизип атат. Учурда мурунку жылдарга салыштырмалуу 30-40 пайызга баасы көтөрүлдү, азырынча ушундай.


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер