Укук “сынды”, мыйзам тебеленди. Азамат Токтоналиев отставкага кетеби?
18-майда Бишкекте үрөй учурган окуя орун алды. Миңден ашык жаш балдар Чүй–Курманжан датка көчөлөрүн буушуп, одоно мыйзам бузуулар катталды. Ошол эле кезде бейбаштанган көпчүлүк пакистандык коноктордун жатаканасын талкалашып, бейкүнөө студенттерди ур-тепкиге алышкан. Кыздарды ыйлатышып, жапайычылык жоруктарды жасашканы маалымдалды. Акчаларын, баалуу буюмдарын, жадагалса алтындарынан бери тоноп кетишкен... Бул эмне деген маскарачылык?
Эске салчу жагдай, студенттер чырылдашып, милицияга чалышып, жардам сурашса, убагында коопсуздук камсыздалган эмес. Түпкүлүгүндө сүйүктүү Кыргызстаныбыз эл аралык коомчулукта уят болду. Өтө өкүнүчтүү көрүнүш! Дал ушул ээнбаштыктын алдын алууну Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиев камсыздашы керек эле. Тилекке каршы, өз милдетин так, кыраакылык таризде аткара албай, четке сүрүлүп калганы сын-пикирге алынууда. Коомдук тартип бузулуп атса, эмне үчүн тийешелүү чаралар көрүлгөн эмес? Укук “сынды”, убагында оперативдүү чаралар көрүлгөн жок. Түшүнүп-түшүнбөй эле тополоң сала беришсе, “Хасбик” каймана атындагы Азамат Токтоналиев жалтактап, мыйзамда көрсөтүлгөн ишин аткара албай, коомдук-коопсуздук абалдын курчушуна жеткизди. Мындай чечкинсиз, жоопкерчиликти сезбеген, алдыны көрө билбеген жетекчини эмнеге кармап отурушат?
Жыйынтыгында, 18-майдагы тополоң боюнча кылдат иликтөөлөр жүрүшү зарыл. Эң ириде Азамат Токтоналиевдин “кашаңдыгына” баа берилип, жоопкерчилик маселеси каралышы керек. Бишкек шаарынын коопсуздугун ушундай майда, иштин көзүн билбеген адамга ыйгарышабы? Тынчтыкты камсыздай албаганын, тажрыйбасыздыгын, шалаакылыгын көрдүк. Аброю да жок экен. Бир сыноого чыдай албады. “Хасбик” токтоосуз түрдө кетиши шарт. Эл карап турат да...