Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров бакиевдерге каршы кадам жасап, Айжан Садыркулованы көтөрдү

Садыр Жапаров бакиевдерге каршы кадам жасап, Айжан Садыркулованы көтөрдү

05-февраль, 14:07
4 075 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2009-жылы 13-мартта Медет Садыркулов, Сергей Слепченко жана Кубатбек Сулайманов өлтүрүлгөн. Үчөөнү кыйноого алышып, аягында өрттөп жиберишкен эле. Бул каргашаны Жаныш Бакиев бийликтин кылмыштуу тобу менен биргелешип, ишке ашырышкан да. 2010-жылдан кийин баары ачыкталган... 

Бүгүн эсептөө палатасынын төрайымдыгына Айжан Садыркулова дайындалды. Ал аталган системада аудитор катары иштеп аткан. Эмне үчүн мындай кадрдык жүрүш орун алды? Себеби, буга чейин Садыр Жапаровду канкорлорго, ошол бакиевдердин үй-бүлөсүнө, жакындарына байланыштырып келишкен. Мындай бетке чиркөөдөн, кара пиардан кантип арылуу керек эле? Анүчүн Садыр Жапаров иш жүзүндө бакиевдерге каршы кадам жасоосу маанилүү болчу. Натыйжада, Медет Садыркуловдун кызы Айжанды жогорку кызматка көтөрүү менен коомчулук астында упай алды. Көркоолорго көз каранды эмес экенин көрсөттү.

Баса, Медет Садыркулов атайын буйрутма аркылуу өлтүрүлүп атса, агездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жашырып, жол кырсыгына шылтаганы эсиңердеби?..


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер