Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эльдар Шабданов, эксперт: “Быйыл туристтердин көп агымы күтүлүүдө”

Эльдар Шабданов, эксперт: “Быйыл туристтердин көп агымы күтүлүүдө”

20-май, 09:02
504 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Туристтик сезон башталган жай айынын босогосунда турабыз. Биздин эс алуу жайларыбыз туристтерди канааттандырабы? Бул жылы кандай болчудай?

-- Негизи 2023-жылдагы туризм боюнча статистика эгемендүүлүк алган жылдарыбыздан бери рекорд койгон көрсөткүч болду. Абдан көп туристтер келди. 2024-жылы 2023-жылдан дагы көп келери божомолдонууда. Өзүбүз мейманканалар менен иш алып баргандыктан, келген өтүнмөлөр буга далил болуп жатат. Быйыл баардык жакта баалар дагы көтөрүлгөн. Туристтик тармакта кызмат кылган гид адистер, транспорт жагы менен тейлегендерди угалы. “Бизде иштегендер аз. Жер-жерлерде мейманканалар жетпей жатат” деген пикирлерин билдирүүдө. Ковидден кийинки өсүүнүн көрүнүшү. Бул тармак кайра мурдагы калыбына келүүдө. Көптөгөн түз аба каттамдарынын көбөйүшү да туристтердин санын арбытууга салым кошуп келет. Бизге Кореядан, Араб Эмирлигинен түз учактар келе баштаган. Куала-Лумпурдан Алматыга түз рейстер ачылган. Туристтер Алматыга келип, андан Кыргызстанды, Өзбекстанды да көрүп кетип жатышат. Ушул факторлордун баары жыйынтыгын берүүдө. Андан тышкары, туризмди өнүктүрүү фонду дагы өткөн жылдан баштап эл аралык көптөгөн көргөзмөлөргө катышып башташты. Ошонун жыйынтыгы, интернеттин өнүккөндүгү да себепкер болууда. Бир канча блогерлер келишүүдө. Ушунун баары себепкер болуп, быйыл ийгиликтер, көп туристтердин агымы күтүлүүдө. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер