Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айзуура Иманалиева: “Атам бул күнү өзгөчө нурдуу көрүндү… Акыркы көрүшүү”

Айзуура Иманалиева: “Атам бул күнү өзгөчө нурдуу көрүндү… Акыркы көрүшүү”

21-апрель, 11:51
7 600 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз элинин белгилүү төкмө акыны Элмирбек Иманалиевдин бул дүйнө менен кош айтышканына кечээ, 20-апрелде бир жыл болду. Акындын кызы Айзуура Иманалиева  атасы менен болгон акыркы сүрөтүн коюп, аны эскерди:

«Атам бул күнү өзгөчө нурдуу көрүндү… Улам ага тийишип, “ата, кычырайсыз го, жашарып дагы кетиптирсиз” десем, уялгансып күлүп коёт. Абдан суктанып, көпкө чейин көзүмдү албай карап, ЭЛМИРБЕК деген атанын кызы болгонума дагы бир жолу сыймыктана түштүм…

Мелекти бешикке салмай ырымын кылып, батасын берип кетмей болушту. 
“Макул, жакшы тургула, ээ” деп неберелерин өөп-жыттап, бизди унутуп эле кетип бара жатат… Аябай кызганып кеттим эмнегедир, “ата, неберелериңизди го өптүңүз, а эмне кызыңызды деле өөп койсоңуз болбойбу?” деп айта салдым. Күлүп келип эле бетимден сүйдү… Бул биздин акыркы көрүшүү… акыркы коштошуу… 

Атамдын кыз небереси менен түшкөн биринчи жана акыркы сүрөтү…

Бир жыл өттү… Мен үчүн “эскерүү” деген сөздүн канчалык оор экенин айтып бере албайм. Анткени, алар менин жүрөгүмдө ар дайым тирүү…» деп жазган ал.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер