Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азимбек Бекназаров: “Жаңы депутаттар өлкөнүн байлыгын, бийлигин кайрадан бөлүштүрүшөт”

Азимбек Бекназаров: “Жаңы депутаттар өлкөнүн байлыгын, бийлигин кайрадан бөлүштүрүшөт”

23-сентябрь, 20:53
1 590 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Малайзиядагы элчибиз Азимбек Бекназаров “Назар ньюс” сайтына маек берип, коррупция тууралуу төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

“Кыргызстанда коррупция токтобойт, улам жаңы шайлоодо жаңыланып, жаңы партиялар аркылуу сырткы жүзүн өзгөртүп жашай берет. Акыркы төрт президенттер өз ишин «коррупция менен күрөшүүдөн» башташкан. Анын экөө: Бакиев менен Атамбаев ошол эле коррупциянын курмандыгы болушту. Азыркы президентибиздин «коррупция менен күрөшүп жатканына» үч жыл толот. Мына өзү мойнуна алып жатат, «коррупция токтобой жатат» деп. Кен байлыктардагы коррупция дың бойдон турат. Жөн эле чогулуштан чогулушка чейин айтып койбой, коррупциянын тамырына балта чабуунун, жетүүнүн, аны кыркуунун жолун издөө керек. Үч-төрт чиновникти камоо менен же алардан акча өндүрүү менен коррупция токтобойт. Кыргызстандагы коррупция бул бир эле пара алуу, же кызмат абалынан аша чабуу, пайдалануу, мамлекеттик каражатты уурдоо эле эмес. Бул тамыры бүткүл өлкөнүн жашоосун камтыган, анын саясый системасында жашаган, коомубузду бекем чырмап алган  коронавирустай улам-улам кайталанып туруучу айыкпас социалдык оору. Мына, жакында жаңы депутаттар келишет. Бүткүл бийликти, байлыкты башынан кайра бөлүштүрөт.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер