Акыркы кабарлар
» Коом » Эшек тузга жыгылып өлсө, эти адал болуп, кулагынан кесип жей берсе болобу?
Эшек тузга жыгылып өлсө, эти адал болуп, кулагынан кесип жей берсе болобу?
11-сентябрь, 00:26
1 093 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мындан 8-9 жыл мурун болсо керек. “Учур” гезитине бир молдо белгилүү ажыны сөзүн мындайча келтирет: “Эшек кетип баратып туздун үстүнө жыгылып өлсө, эти адал болуп калат, кулагынан кесип жей берсе болот” деп. Чуу чыгат. Айтылуу ажы берки молдону сотко берет, “антип айткан эмесмин” деген кыязда. Ошентип, экөөнүн чатагы көпкө созулган. Прессадан катуу кайым айтышкан. Тиги молдонун дайыны чыкпай кетти, берки ажы каза болуп калды. Мен ушуга таңмын да. Чын эле эшек тузга жыгылып өлсө, этин жей берсек болобу? Адал болуп калабы? Билгендер жооп жазып койсоңор, элге туура маалымат бериш керек го?..
Медет аксакал
Aryba.kg