Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним
Кыргыз элинин сыймыгы жана символдору
Менин жандүйнөмдө көчмөндүн руху менен жалындуу мергенчи жашайт. Өзүм заманбап ой жүгүрткөн адаммын, бирок аң-сезимдин тээ түпкүрүндө кыргыз элинин эң маанилүү тарыхый баалуулуктары жана бакубаттуулугунун символдору катары боз үйдү, атты, бүркүттү жана тайганды эсептейм.
Убакыт менен мейкиндикти өздөштүрүүдө кыргыздар өздөрүнүн этникалык маданиятынын негизинде боз үйдүн образында дүйнөнүн же ааламдын моделин жаратышкан. Сөөк коюу статуяларына түшүрүлгөн боз үйдүн эң байыркы визуалдык сүрөттөрү (тагыраак айтканда, боз үйдүн бөлүктөрү жүктөлгөн төөлөр) Түндүк Кытайдан биздин замандын миң жылдыгынын орто ченинде келген.
Боз үй
Боз үй өзүнүн кайталангыс формасы, жасалгалары менен айлана-чөйрөгө, ириде жаратылышка жуурулушуп турат.
Н.М.Пржевальский: “Боз үй – алмаштырылгыс турак жай” деп жазган. “Аны тез жыйнап, башка жерге көчүрүүгө ыңгайлуу, ошол эле учурда ал сууктан, ысыктан жана катаал аба ырайынан жетишерлик коргоо кызматын аткарат. Чынында эле эң катуу аязда да боз үйдө от күйүп турса, абдан жылуу болот. Жайында мындай турак жайдын кийизинин кабыгы ысыктан, жаан-чачындан, жада калса катуу нөшөрдөн да эң сонун сактайт» деп кошумчалаган.
Мындан тышкары, боз үйдүн микроклиматы тик бурчтары бар имараттарга мүнөздүү болгон, адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү патогендик энергияны жок кылат.
Боз үй – кыргыздар үчүн эң оптималдуу, конструктивдүү чечимдердин бири. Анын конструкциясы ар кандай бороон-чапкындарга жана жер титирөөлөргө туруштук берет, бат эле чогултулуп, тез артылып, дөңгөлөктүү транспорт менен же таңгакталып оңой ташылат.
Боз үйдүн маанилүү белгилеринин бири ички мейкиндигин сарамжалдуу жана максатка ылайыктуу уюштуруу болуп саналат. Ички жасалгасы бирдиктүү архитектуралык көркөм бүтүндүктү билдирсе да, так функционалдык зоналарга бөлүнгөн.
Боз үйдүн так ортосундагы тегерек торчо үй-бүлөнүн жана ааламдын эң маанилүү символдорунун бири – түндүктү түзөт. Боз үйдүн ортосунда очок болот, андан чыккан түтүн түндүк аркылуу сыртка оболойт. Кире бериштин каршысында жууркан-төшөктөр жыйылат, аларды түнүндө жерге салып жатышат. Боз үйдөгү ар бир буюмдун өз орду, өзгөчө мааниси бар.
Салт боюнча ортодо, кире бериштин маңдайында – коноктор үчүн сыйлуу жай бар, боз үйдүн оң тарабы аял кишиге таандык – ал жерде идиш-аяк, ашкана буюмдары, тигүү жана токуу жабдуулары сакталат. Сол тарабында – эркекке таандык буюмдар, ат жабдыктары, бычактар, аңчылыкка керектүү шаймандар иреттүү жайгаштырылган.
Боз үй менен кыргыз маданиятынын басымдуу бөлүгү байланышкан, маанилүү ырым-жырымдардан тартып, кол өнөрчүлүк жана салттуу устачылыкка чейин.
Боз үйдүн дубалдарын татаал оймо-чиймелер түшүрүлгөн килемчелер, шырдактар, саймалар жана кийизден жасалган буюмдар кооздоп турат. Алардын дизайны, оймо-чиймелери көчмөндөрдүн күнүмдүк жашоосундагы табияттан алынып, дээрлик шыктануудан жаралган. Орнаменттердин көбү Кыргызстанда кездешкен тоолорду, дарыяларды, өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды чагылдырат.
Шырдак, туш кийиз, курак, ала кийиз
Шырдак – кийизден жасалган килем, ага аркарлардын, гүлдөрдүн элестери, ыйык орнаменттери түшүрүлгөн. Шырдактар дубалга илинет же жерге салынат.
Туш кийиз – жумшак кездемеден тигилген боз үйгө илинүүчү саймалуу килемче. Ал көбүнчө кыздын себине берилет. Бетине өсүмдүктөрдүн, гүлдөрдүн, кээде жаныбарлардын саймалары түшүрүлөт.
Курак – бул жамаачыны тигүү. Курак – “кура” деген сөздөн келип чыккан, өз-өзүнчө бөлүктөрдү бириктирип тигүү же жасоо дегенди туюндурат. Бул ыкма калпак, балдардын кийими, бешикке жабылуучу жууркан, көшөгө, матрастар, жаздыктар, ээр жабуулар, сумка же килем тигүү үчүн колдонулат. Жамаачылардын сыйкырдуу касиеттери бар деп эсептешет. Мисалы, жаңы төрөлгөн баланын 40 күндүгүнө тигилүүчү көйнөк 40 кошунасынын чүпүрөктөрүнөн кураштырылып тигилери айтылат эмеспи.
Ала кийиз – шырдакты элестеткен кийиз килемдин бир түрү, бирок аны жасоо процесси таптакыр башка. Ал биринин үстүнө бири коюлган кийиздин майда бөлүктөрүнөн жасалат. Натыйжада, так чеги жок, бири-бирине ыктап, кандайдыр бир сүрөттөрдү жаратат.
Кыргыз оюму
Баардык улуттук буюмдардын өзөгү – кыргыздын кылымдардан бери келе жаткан оймо-чиймелери болуп эсептелет. Конфуций: «Дүйнөнү сөз менен мыйзам эмес, белгилер жана символдор башкарат» деп айткан. Орнаменттер эркектер менен аялдардын салттуу кийимдеринин көркүн ачат. Оймо-чиймелер кыргыз элинин сыймыгы жана демократиялык баш кийими болуп эсептелген, мырзаларга таандык – ак калпакка мүнөздүү. Аны баардык эркектер – байдан кедейге, жигиттерден карыларга чейин кийишет. Алар ээсинин социалдык, материалдык абалын, жаш курагын көрсөткөн формасы менен түсүнөн гана айырмаланат.
Ак калпак
Чыныгы калпак табигый кийизден гана тигилет. Ал үчүн атайын тазаланып, таралган, жаңы иштетилген ак койдун уяң жүнүнөн өзүнчө кийиз жасалат. Алардын баардыгы өзгөчө жасалгаланат, бирок ар бир сайма жана түстүн өзүнүн мааниси бар. Кырындагы төрт сызыгы жашоонун символу; үстүндөгү чачыгы урпактарды жана ата-бабалардын элесин билдирет; үлгүлөр тукумдун тарашын туюндурат, бирок мактанчаак болуп көрүнбөш үчүн өтө татаал үлгүлөрдү жасоо салт эмес. Кырындагы түс калпактын ээсинин жашын, турмуштук тажрыйбасын көрсөтүп турат.
12 жаштагы балдарга жашыл кыймасы бар калпактарды берүү салтка айланган. Бул алардын жашоосунун башталышынын жана баардык нерсени үйрөнүшү керек дегендин белгиси. 24 жаштагы жигиттерге чекеси көк, 36 жаштагы мырзаларга жерди түшүндүргөн күрөң кыймасы бар калпак берилет. Бул – ушул курактагы эркектер үй-бүлө түзүп, мекенине пайдасын тийгизе тургандай тажрыйба топтогонун да туюндурат. 48 жашында чекеси боз өңдөгү баш кийим берилиши керек. Бул – алардын жаш муунга үлгү боло аларынын белгиси. Ал эми 60 жаштагы карыяларга кара баркыт чеги бар калпак берилет. Ак түстөгү кара сызык акылмандыкты, анын ээсинин бай турмуштук тажрыйбасын жана жакшы менен жаманды ажырата билүү жөндөмүн айгинелейт эмеспи. Ак кийизден жасалып, ак кездемелер аркылуу кооздолгон калпак чыныгы лидерлерге гана тартууланып келген.
(Уландысы кийинки санда)
"Азия Ньюс" гезити