Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Элеттик аңгемелерден” эленген ойлор, же жалгыздыкка кетчү жол

“Элеттик аңгемелерден” эленген ойлор, же жалгыздыкка кетчү жол

03-август, 13:38
248 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бейшебай Усубалиев

(Публицистикалык ой толгоо)

-- Что поделываете, полковник?

-- Да вот сижу, - отвечал он, -- жду когда понесут мимо гроб с моим телом. (Г.Г.Маркес)

(Уландысы. Башы өткөн санда)

- 4 -

Кер какшык менен сарказмдан куралган, бир окуп кеткенде жеңил-желпидей туюлуп, мыйыгыбыздан жылмайткан, үңүлɵ карасак, адамдык нарк-насил (суть, сущность) жɵнүндɵ ой жүгүртүүгɵ түрткɵн “Момун” аңгемеси япондордун улуу жазуучусу Р.Акутагаванын дүйнɵлүк шедеври “Тозок оту” (“Муки ада”) повестине кайрылууга мажбур кылат. Повестте падыша атагы таш жарган сүрɵтчүгɵ (художникке) тозоктун сүрɵтүн тартууга буйрук берет. Шыдыр эле суроо туулат: эмне үчүн бейиштин эмес, тозоктун сүрɵтүн тартышы керек? Бул ой падышага кайдан жана эмне үчүн келди? Эмне, адамдын адамдык ɵзɵгүн аруулук эмес, ыпластык түзɵбү? 

Художниктин (сүрɵтчүнүн) жандай жакшы кɵргɵн (сүрɵтчү ушул кызы менен гана сүйлɵшчү, башка эч кимди бучкагына теңечү эмес), ай десе аркы жок, күн десе кɵркү жок сулуу жалгыз кызы бар эле. Ал падышанын колунда жашачу. Художник ушул кызын куткарып алгысы келдиби, же художниктик ышкысынын кесепетиненби (өнөр кандай оор, кандай сыйкырлуу жана коркунучтуу, өнөрлүү болуу дегениң кандай азап!), сүрөтчү макул болот. Шакирттерин адам чыдагыс кыйноолорго салып, тозоктун элесин берүүгө тырышат, бирок ал кыйноолордун бирөө да тозоктун чыныгы элесин бере албайт, аргасы түгөнгөн художник “чүмбөттөлгөн бир араба болсо, ичинде жанда жок сулуу кыз отурса, аны алоолонгон отко чулгатып, тоо ылдый зуулдатып, коё берсек” деген сураныч менен падышага кайрылат. Падыша макул болуп, айтканын аткарат. 

Эл жарданып карап турат. Арабаны тоодон ылдый коё беришет, өрткɵ чулганган араба, ичинде жанталаша чаңырган сулуу. Сүрөтчү дүйнөдө кездешпеген ушул апаатты илип алышы керек эле. Үңүлө карайт, караса… өрттө куйкаланып, чаңырып жаткан өзүнүн жалгыз кызы. Бир силкинип алат да, тартып калууга үлгүрөт. Дагы суроо туулат: ким жырткыч? Тозоктун сүрөтүн тартууга буюрган, өрткө чулгасын деп художниктин жалгыз кызын алоолонгон отко салып берген падышабы? Падышага жогоркудай өтүнүч менен кайрылууга, өрткө чулганып чаңырган өзүнүн жалгыз кызын тартып калууга дити барган художникпи? Же бейишиң менен тозогуңдун экөөнө тең кайыл болгон, өзүнүн гана көксөсүн кандырууга баш-отун койгон өнөрдүн өзүбү? Эгер мындай болсо, өнөрдүн да, өнөрлүү болуштун да жарыкчылык үчүн эмне кереги бар?! Художник сүрөттү тартып бүтөт да, падышага тапшырып, өзү асынып өлөт. 

Айылда бир кишини (маркумду) акыркы сапарга узатып жатышат: эл кɵп, күн ачуу тийип, куйкалап жатат. Дал ушул маалда үнү Кудайга жетип, “момунум!” деп озоңдоп өкүрүп бир киши келет. Ал көпкө озоңдойт, элди зарыктырып отуруп, араң басылат. Элдин баарында бир гана ой: мынчалык күйгөнүнө караганда, маркумдун эң жакыны болсо керек… Көрсө, эң жакыны эмес эле, тескерисинче, эң касташкан, эзели элдешпес душманы экен. Ичкүйдүлүктөн улам бир мезгилде ушул маркум аны он жылга түрмөгө кестирип жибериптир. Ал анда эмне мынча озоңдоду: табалаганыбы, же чын эле күйдүбү? Дагы бир нерсе – акыркы сапарга узап жаткан киши андан башка да далайларды ак жеринен сыздаткан, колунан жакшылык келбеген журт куруткур экен. (Бул маркум эл ичинде кантип батып жашап жүрдү экен?). Анда эл неге мынча кɵп чогулуп, сый-урмат менен узатып жатышат? Андан кɵргɵн кордуктарын унутуп калыштыбы? Дал ушул жерден кечирүү жɵнүндɵгү ой башын кылтыйтат. Адамдагы эң оор, кыйын жана улуу касиет – бул кечире билүү, буга дарамет-күчү жетүү. Биз “кечире бил, кек сактаба («Атаңды ɵлтүргɵнгɵ энеңди алып бер»), ɵзүңɵ эле жаман” деп айта беребиз. Кек сактап жүрүүнүн ɵтɵ оор экендигин сезип-туюп тургансыйбыз, бирок ушунтип айтып да, сезип-туюп да жатып, ɵзүбүздүн жүрɵгүбүздɵ далай тактар бугуп жаткандыгын мойнубузга алгыбыз келбейт. Адамдык ɵзүмчүлдүк жашап турганда, кекти тыптыйпыл жоюп салуу мүмкүн эместир. Ошон үчүн кыргыздар «жер жамандап барбасын» деп коюп, ɵлгɵндɵрдү деле каргап-шилегенге чейин барышат го... Кеп, демек, кечирүүгɵ себеп болчу жорук-жосунду, ишти жасабай кетүүдɵ жатат. Буга адамдык кудуретибиз жетер бекен?! «Момунум» деп зар какшап жаткан адам аны жымыя карашкан айылдаштары маркумду кечире алыштыбы?

Балким, “момунум!” деген зар какшоодо кечирим да, табалоо да жаткандыр... Дал ушул табалоо маркумдун күнөөсүн кечирүүгө өбөлгө түзүп жаткандыр? Эгерде чын эле ушундай болсо, анда кечирүү менен табалоону кантип бири-бирине келиштире алабыз? Табалап кечирүүгө болобу? Деги эле адам баласы бул жарыкчылыкка кечире билүү үчүн гана келгенби? Кечире албагандыгы үчүн аны күнөөлөөгө болобу? Адам баласы сүйүүгө канчалык акысы бар болсо, жек көрүүгө да дал ошондой эле акысы бар да. Анда эмне үчүн жек көргөндүгү үчүн аларды кечирбешибиз керек? Айтор, жазуучунун “Момунун” үңүлө окуп чыккан соң, ар кандай ой чаргыта бересиң. Бир чытырмандан эптеп бошонуп чыксаң, кайра эле экинчи бир чытырманга барып кептелесиң. Ошентсе да кандай гана ой чаргытпайлы, кандай гана чытырманга кептелбейли, бул аңгеме өзүңдөгү өзүңдү сууруп чыгып, жүрөгүбүздө бугуп жаткан, нарк-насилибизди айкындап турган, бирок мойнубузга таптакыр алгыбыз келбеген кандайдыр бир айыбыбыздын башын кылтыйтып көрсөтүп тургандай таасир калтырат. Бул – бир. Экинчиден, ким билет, бул аңгеме жоолашып, бет карашпай жүрүшкөндөрдүн биринин башына күн түшүп калса, экинчиси баарын унутуп таштап, ал (өзүнүн бир кездеги элдешкис душманы) үчүн ак дилинен тикесинен тик туруп берчү кыргыздык айкөлдүктү даңазалагысы келгендир. Дагы тереңирээк ойлонуп көрөлү…


- 5 - 

“Алтын кошуналарым” аңгемесиндеги бир эпизодду окуган соң, мындай бир ойго чөмүлөсүң: каада-салты, улуттук наркы бар биз кандай бактылуу элбиз! Ал эми жалаң гана мыйзам менен жашаган эл не деген шордуу калк! Бул оюбузду чечмелөөдөн мурун айыл жергесиндеги жедеп канга сиңип калган күлкү келерлик бир көрүнүштү көз алдыбызга тарталы: көпчүлүк кошуналардын огороддорунун ортосунда ашып кетсе бир аттам бош жер бар, буга назар бурбай, көз жумуп койсо деле болот. Бирок адамдык өзүмчүлдүк, кур намыс жана ичкүйдүлүк деген да бар эмеспи. Анан казык оюну (майданы дейличи) башталат: бир күнү Ташмат атайы бир казыкты мыкчый кармай чыгат да, аркы өйүзгө кагып таштайт (бул бош жер мага таандык дегени). Көп өтпөй коңшусу Эшмат казыкты көрөт да, бир силкинип алат, анан тишин кычырата баягы казыкты сууруп чыгат да, аркы өйүзгө саят. Ушинтип казык майданы үн-сөзсүз жүрө баштайт да, акыры мындай сылык-сыпаа башталган казык кармашы ачыкка чыгып, чоң жаңжалга айланып кетери бышык. Эмне кылуу керек? Албетте, муну мыйзам жолу менен жеңил-желпи чечип койсо деле болот дечи, анда же аттам жер бирөөнө толук өтүп, экинчиси томсоруп кала бериши, же бош жер бейтарап деп табылып, экөөнө тең ташбалакет да тийбей калышы ыктымал. Мындай жагдай экөөнүн тең көңүлүн жай кыла алмак эмес. Биринчи учурда “бош жерди жөндөн-жөн эле тартып берип койду, карап тур!” деп, же Эшматы же Ташматы тишин кычыратып туруп, бул жашоодон наалып өтмөк. Экинчи учурда баягы эле казык майданы улана бермек (“мыйзам дегениң буйлаланган төө экен да, болбосо, тытыштырбай бирөөбүзгө биротоло эле берип койбойт беле...”. Экөө тең ушинтип жер сабап чыгышмак).

Түптүү эл эмеспизби, дал ушундай кыйчалыш маалда каныбызда бугуп жаткан ата-бабалар наркынын учкуну жанып чыгышы керек эле (кеп ошол учкунду көрө билиште жатат, бул жагынан жазуучу А.Жакшылыковго ким болбосун ыраазычылыгын билдирбей койбойт). Эшмат менен Ташматтын тирешине күбө болуп жүргөн дагы бир коңшусу бир күнү атайын чыгынып базарга барып, тор зым алып келди да, экөөнүн огородун өз-өзүнчө тор зым менен зымпыйта тосуп салды, анан… баягы кармаш майданына айлана баштаган бош жерге жайнатып гүл өстүрүп таштады. Муну менен наркты туя билген коңшу жоолашып жүргөн коңшуларынын жүрөктөрүнө гүл өндүрүп койду. Көркү көз күйгүзгөн, жыты магдырата көшүлткөн гүлдү тепсеп салууга кимдин дити бармак? Ошентип, маселе чечилди да калды.

Жазуучу айылдаштарынын айрым жоруктарын ичи эзилип элжиреп жазабы, же айрымдарын кер какшык менен куйкалап жазабы, айтор, баарында тең эле улуттук наркка өзгөчө басым жасагандай таасир калтырат. Мыйзам канчалык адилеттүү болбосун, ал улуттук нарк, каада-салт менен эсептешүүгө тийиш экендигин кыйытат. Мына, жогорудагы казык майданына окшогон, түбү барып өрткө айланып кетчү майда кагылышуулар күндөлүк турмушубузда көп эле учурайт. Албетте, биз бүгүнкү цивилдүү өлкөнүн өкүлү катары мыйзамды бетке кармап, кармашка аттанабыз, улуттук нарк көбүнчө унутта калат. Анткени мыйзам дегениң бизди желкебизден ныгырып басып турган болот, демек, биз адам катары эркин дем алалбайбыз, табигый адамдык насилибизди ачык көрсөтө албайбыз, мыйзам бизди белгилүү бир деңгээлде роботко айландырып таштаган, же айландырып баратат. “Мыйзамда ушундай экен!” деп жалдырап туруп беребиз жана адамдык насилибизге, ар-намысыбызга залал тийгизгенин сезе бербейбиз, же сезгибиз келбейт, же сезүүгө кудуретибиз жетпейт.

Ал эми улуттук нарктын, каада-салттын жөнү башка: ал укумдан тукумга өтүп, нечендеген кылымдарды карытуу менен тууралыгы айныксыз тастыкталган, өзүбүздүн кан-жаныбызга айланып кеткен, тактап айтканда, каныбыз менен кошо жүрүп турган, биз өзүбүз жаратпай эле Кудай жараткандай, Кудай тарабынан энчиленип берилгендей кабылданган ыйыктык. Нарк ичинде биз өзүбүздү эркин сезебиз, адамдык насилибизди эркин айкындай алабыз, канчалык күнөө кылбайлы, ыйманыбызга камчы чаппай, нарк алдында башыбызды эркин ийип беребиз. Мыйзам алдында эч ким башын эркин ийип бербейт, көкүрөгүндө “бейкүнөө күйүп кеттим” деген кек кала берет.

Мыйзам деле адамдар ортосундагы мамилени жөнгө салуу зарылдыгынан жаралган эмеспи, анда эмне үчүн аны ыйык катары кабылдай албай жатабыз? Деги эле биз кабылдаган күндө эле телегейибиз тегиз болуп жатып калабызбы? Карама-каршылыкка жык толгон бул өңдүү суроолор адам баласынын табиятынын татаалдыгын, табышмактуулугун, ачыла элек сандыкта бычыла элек дагы канча кундуз жаткандыгын эскертип, ойду онго, санааны санга бөлө, сени сынай карап тургансыйт…


- 6 - 

Айыл жымжырттыкка чөмүлгөн көрүстөн эмес, ал өзүнчө бир чоң мектеп. Мектепте окуучулардын ызы-чуусу, күлкүсү, керек болсо таарыныч ыйлары жаңырып тургандай эле, айылда да ызы-чуу, күлкү ж.б. ысылы-сууктар кайнап, толуп-ташып турушу керек. Деги эле айылды Теңирим “түйшүгүңөр ансыз деле жетишет, силер күлкүгө күүлдөп жашашыңар керек!” деп жаратып койгондой. Айылдагы ойго келбес жорук-жосундар, кулк-мүнөздөр – булар өзүнчө бир казына. Бул жагынан алганда, кылык-жоруктар, тамашалар жалпы эле кыргыз элинин рухий казынасынын, чыгармачылык чайналууларынын бир өңүтүн түзөбү (?) деп ойлойсуң. Тамашалашуу, жоктон күлкү жаратуу – бул табигый муктаждык, бизди дал ушул табигый муктаждык кыймылга келтирип, жашоо кумарлыгын арттырып турса керек деген бүтүмгө келбей койбойсуң. Асан Жакшылыковдун “Алтын кошуналарым”, “Карагайчылар”, “Пионер чалдар”, “Султанбай дүкөнчү” өңдүү аңгемелерин окуп көргүлөчү, андагы окуялар өз мезгилинде осол, орой көрүнсө да, бара-бара бул сапатынан ажырап, бүтүндөй айылга дем берген, ажарын ачкан күлкү-тамашага айланып калып отурбайбы! Бул болсо кандай жорук-жосун болбосун, анын өзөгүндө карөзгөйлүк эмес, аруулук, күлкү жаткандыгында, карөзгөйлүк сырткы формасында эле экендигинде болуп жүрбөсүн... Мектеп бере албаган таалим-тарбияны айылдан алып, айылдан алалбаганды мектептен алып, бул экөө эриш-аркак бөпөлөп келип, уядан учурбадыбы. Бирок ошентсе да, бир мезгилде айылдын будуң-чаңын чыгарып, ар бир пенденин жалгыз эмес экендигин эскертип даң салып жүргөн айылдык тамаша-күлкүлөр, көкүрөктө уюп калган таалим-тарбиялар азыр кайсы жерде жаңырып жатат болду экен?..

Жазуучу Асан Жакшылыков өзүнүн кусалыгын өзөктү өрттөп чыккан ушул өңдүү суроолор менен бир бүркүп алып, көксөсү сууп отуруп калабы десек, ал “азыр жеке-жеке кишилер бар, бирок эл деген жок!” (“Шайды оодарган шайлоо, ай”) деп оор үшкүрүк менен аяктайт баянын. Бул “өз учурумдагы айылымды жазып бердим, бүгүнкүсүн өзүңөр багып алгыла” дегени. Бул жерде мен эгемендик “тартуулаган” бөлүнүүлөр (жердештик, уруулук ж.б.), анын дурус жана буруш жактары жөнүндө кеп кылгым келбейт, бул – өзүнчө оор жана карама-каршылыктуу көйгөй. Мага жазуучунун “азыр эл деген жок!” деген оор күрсүнүүсү “бүгүн айыл жок!” дегендей угулуп, төбө чачымды тик тургузду. Анда кеп оролу ошол жөнүндө.


- 7 -

Чын эле, бүгүн айыл барбы? Айыл дегенде көзгө илинбес жиптер менен чырмалышып турган, бириникинен дүбүрт чыгып калса, бүтүндөй баары дүрбөлөңгө түшкөн үйлөрдүн тобу көз алдыга тартылчу да, буга кошул-ташыл күйүмдүүлүк, боорукерлик, тилектештик өңдүү улуу сезимдердин илеби уруп, жүрөктү кандайдыр бир жылуулук өрдөп өтөр эле. Азырчы? Айылдаштарыбыздын өздөрүнүн сөздөрүнө кулак төшөйлү: “Азыр баягы айыл деген жок, бири-бирибизге кирип-чыгышпайбыз деле. Зарыл эле бирдеме болуп калбаса, көрүшпөйбүз деле… Ар ким өзү менен өзү, тытынып эле жаткандар…”. Бул “жалындуу” сөздөрдү кимдер айтып жатат? Ошол кирип-чыгышпагандардын өздөрү айтып жатышпайбы, кимдир бирөөлөргө наалышкансып. Кызык, бир кезде бир күндө жок дегенде эки жолу кирип, “жөн эле учурашып коёюн деп кире калдым эле…”. “Кечээ уулуңдун тумоолоп калганын капысынан кулагым чалып калып, бүгүн ал-абалын сурап койгону кирип калдым эле. Угуп туруп, анан…”. Жаның күйүп, ушуларды эстерине саласың. “Эмне болуп кеткенин өзүбүз да билбейбиз. Сыягы, замандын өзү ушундай болуп калды?” дейт кайдыгер. Заман ар кандай боло берет эмеспи, ошондой заманды өзүбүз жаратып алат эмеспизби, анан өзүбүз жаратып алган заманга шылтоолоп, суудан кургак чыга беребизби?!

Ошентип, ар бир үй өзүнчө жалгыз, өзүнчө жетим. Өз мезгилинде залкар талант Кубатбек Жусубалиев “Муздак дубалдар” деген айтылуу романын жазган. Айрым адабиятчылар аны “социализм курчоого алган идеологиялык муздак дубалдар” деп саясый боёк сүртүп жүрүшөт. Эгерде чын эле ушундай болсо, социалисттик муздак дубалдар бүгүнкү күндө капиталисттик муздак дубалдардын алдында шоона эшпей калды. Менимче, Жусубалиевдин муздак дубалдары социализмдин дубалдары эмес болчу (эгер мындай болсо, ал эстетикалык-нравалык кудурет күчкө ээ боло алмак эмес), ал болгону биздин күндөлүк турмушубуздун, көртирлигибиздин эле муздак дубалдары эле. Чын-чынында, Жусубалиевдин муздак дубалдары эми жетиптир бизге, көз жүгүртүп көрөлүчү: ар бир үйдү муздак дубал курчап турат. Бул – маселенин бир эле жагы. Ушу мамиле, ыргак менен ырдап жүрүп отурсак, ар бир үйдү гана эмес, андагылардын баарын курчабай койбойт деп ким кепилдик бере алат? Атасы өзүнчө муздак дубал, өзүнчө жалгыз; апасы өзүнчө муздак дубал, өзүнчө жалгыз; балдарынын ар бири өзүнчө муздак дубал, өзүнчө жалгыз. Эми эмне калат? Күйүмдүүлүк, боорукерлик өңдүү асыл сезимдер жоголот, “Биз” деген жоголот да, “Мен” деген гана калат, акыры ар бири “Мен” деген муздак дубалга айланат да, түбөлүк муз доору башталат. Бул эмне дегендик? Бул – айылдын, кеңири алганда, адамзаттын жоголушу, кыйрашы деген сөз.

Мындай алааматка кабылтпай коё турган күч барбы? “Албетте, бар!” деп жооп кайтарат А.Жакшылыковдун аңгемелеринин жалпы духу. Биз тарыхый эстутуму да, ички дүйнɵсү да бай, ушул байлыгы менен жер менен жексен болуп кетпей, кылымдар бою ɵзүбүздү ɵзүбүз сактап келген элбиз, алаамдашуунун арааны ачылып турган бүгүнкү күндɵ да бизди сырттан бирɵɵ келип сактап кала албайт (алар колдон келсе жутуп алсам деп келет), андыктан “табытыбызды качан алып ɵтɵт?” деп жол боюнда отура бербей, ата-бабалар мурас кылып кеткен ɵзүбүздɵгү ɵзүбүздү кыймылга келтиришибиз керек. Анда келечекке аттан, Кыргыз!

Мен болсо бала чагымдан бир үзүмдү алдыңарга тарткым келет.

Мен кичинекей чагымда атам “Уранкайдан баланча ɵтүп кетиптир, Миң-Булактан, Токтогулдан түкүнчɵ ɵтүп кетиптир, топурак салып келишим керек” деп эле жɵнɵп калар эле. Кээде кышында күүгүмдɵ мурутуна муз тоңуп келип калчу. Анан мен бул айылдар тээ алыс, жердин түбүндɵ болсо керек деп ойлочумун. Кɵрсɵ, бизден 15-30 чакырымдагы эле айылдар экен. 1986-жылы атам 82 жашында кɵзү ɵттү. Ошондо бир кичи автобус толо киши келип, ɵкүрүп түшкɵнү алигиче кулагымда жаңырып турат. Бүт сакалын ак баскан карыялар, ɵзɵктɵн ɵрттɵнүп чыккан ɵзгɵчɵ ɵкүрүк. Алдыда бир буту жок, кош балдак менен таянып, ɵзɵлɵнɵ ɵкүрүп ыйлап бир карыя келатат, калгандары аны ээрчип алышкан. Мен булардын бирин да таанымак тургай, мурда-кийин кɵрбɵптүрмүн. Ошондо дел болуп турган мага бирɵɵ “бул аксакалдар Миң-Булактан келишти, атаңдын курбалдаштары, жакшы санаалаштары” деди.

Анда ошондогу аталарыбыз кайда? Аларды кɵрүп ɵскɵн биз кайдабыз?.. 

Жалгыздыкка кетчү жол ушул суроодо жатабы?.. 


 28.03.24, саат 19:07 – 05.06.24, саат 10:50 

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер