Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бишкек – эң кир, булганыч шаарлардын алдыңкы катарында”

“Бишкек – эң кир, булганыч шаарлардын алдыңкы катарында”

22-ноябрь, 19:30
601 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Борбор калаабыздагы ыш, түтүндөн арылбай калдыкпы? Быйыл да Бишкек эң кир, булганыч шаарлардын алдыңкы катарына чыгып атканы ойлондурбайбы?

                                   

Эсенгул Исаков, экс-депутат:

-- Бул ыш ар бир шаардын жашоочусун, конокторун да ойлондураткооптондурат. Өкмөт электромобилдерди алып келгендерге ыңгайлуу шарт түзүшү керек. Миңдеген автобустарды алып келгени менен ыш маселеси чечилбейт. Анткени, шаарга сырттан кирип чыккан автоунаалар миллиондон кем эмес, анын ичинде көк түтүнүн буркуратып ээн жүргөн эски унаалар да көп. Мындан тышкары, жеке турак жайга жагылган көмүрдөн чыккан түтүндөр абага, элдин ден соолугуна эң чоң зыян келтирүүдө. Муну Жогорку Кеңеш былтыр кышы бою көтөрүп келди жана министрлер кабинетине, мэрияга тийешелүү тапшырма беришкени белгилүү. Бирок, тилекке каршы, кыш келе электе ыш каптай баштады, демек, алгылыктуу иш жүрбөгөнү билинүүдө.

Менин оюмча, ТЭЦ колдонгон түтүнгө каршы фильтрлерди жеке турак жайдын печкаларына да пайдаланса, аба кыйла тазармак. Бул маселени биз Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында көтөрүп, мэрия ишке ашырмак болгон. Аттиң, улам бийлик алмашып, ал маселе да унутулуп калганы өкүндүрөт...

Зина Далбаева, врач:

-- Үч жылдан бери ыш маселеси көпчүлүктү санааркаткан сыяктуу мени да кыжалат кылып, ойго салат. Анткени, “Бишкек – абасы кир шаар” делип, изилдөөлөрдө алдыңкы орунга чыгып жатат. Пульмонолог врач болгонум үчүн ыштын кесепеттерин жакшы билем. Бишкекти каптаган ыштын айынан, абанын булганганынан аллергиялык оорулар жылдан жылга күчөп жатат. Ошондой эле ыш жаш балдардын онкологиялык ооруларынын күч алышына шарт түзүп жатат. Экология булганганы Кыргызстанда түрдүү оорулар күч алды. Былтыр кышында ыштан дем алалбай противогаз кийе турган абалга келип калганбыз. Быйыл да ошондой жагдай жаралса, кантип күн кечиребиз, кантип ден соолукту сактайбыз? Өкмөт жайында эле ыш маселесин чечиши керек эле. 

Бейшенбек Абдразаков, экс-депутат:

-- Ыш маселеси ар бир Бишкектин жашоочуларын, кыргызстандыктарды ойлонтот. Жакында эле эл аралык мекемелер Бишкек – эң кир, булганыч шаарлардын алдыңкы катарында деген жыйынтык чыгарды. Бул өтө өкүнүчтүү. Бирок, бул маселени чечүүнүн жолдору бар. Мисалы, ТЭЦ-2ни газ менен иштетип, ТЭЦтин моруна жана ар бир от жаккан үйдүн моруна кошумча фильтр коюш керек. Автоунааларга Бишкектин кире беришине экопост коюп текшерип, түтүн көп чыккандары шаарга киргизилбесин. Ошондой эле Бишкекте, жалпы эле Кыргызстанда быша элек көмүр сатканга тыюу салуу зарыл.

Бишкекти, жанындагы айыл-кыштактарды тез арада газга өткөрүп, келечекте ар бир үйдө күн, шамал, биогаздан энергия алган жабдыктарды орнотуп, ар бир үй өзүн-өзү энергия менен камсыз кыла турган шарт түзүп, ар бир айылга 2-3 кичи ГЭСтерди куруп, өзүн энергия менен камсыз кыла турган деңгээлге жетишибиз зарыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер