Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нарын, Ысык-Көл аймагы генерал Суваналиевди кандай кабыл алышты?

Нарын, Ысык-Көл аймагы генерал Суваналиевди кандай кабыл алышты?

23-сентябрь, 18:46
1 394 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бир канча күн Нарын облусун кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрдү. Көпчүлүк катмар жылуу кабыл алыптыр. Себеби, убагында генерал Суваналиев Теңир-Тоодо губернатор болуп турганда Арпа, Аксайдан кытайларды өзү баш болуп сүрүп чыкканы белгилүү. Ошого катар постсоветтик өлкөлөрдүн криминалдары баш, биздики төш болуп Нарынга эс алууга келишкенде, аларды да текшерүүгө алып, кубалап жибергени эсибизде. Дал ушундай элдик кадамдарын жергиликтүү калк баалап, жогорку деңгээлде алкоого алышканы эмнени билдирет? Чечмелеп алыңыз...

Учурда Өмүрбек Суваналиев Ысык-Көл облусунда иш сапары менен жүрөт. Жергиликтүү тургундар кубануу менен тосуп алышып, колдоого алышканын эшиттик. Эске салсак, 2000-жылы “Комиссар Каттани” Ысык-Көл районунун округунан Жогорку Кеңешке талапкерлигин коюп, коомчулукка сенсация тартуулаганын билесиңерби? Агездеги оппоненттер – Ишенбай Абдуразаков (мамлекеттик катчы), Мукар Чолпонбаев (спикер), Бекбосун Кыдыкбаев (аким), Кубу Мамыркулов (аким), Бакыт Керимбеков (врач) ж.б. лөктөр. Ушулардын ичинен 10 миң добуш менен Өмүрбек мырза шайлоону утуп алса, Акаевдин бийлигинин айласы кетип, Жогорку соттон округду буздуртуп салган. Каарманыбызга алы жетпей кандай амалга барышканын тыңдадыңарбы? Көпчүлүктүн баасына кантип татыганы шыктандырдыбы? Көрсө, жандырмагы жөнөкөй эле экен. 1991-92-жылдары Суваналиев Ысык-Көл райондук милициянын начальниги болуп, элге алынып, кызыгы, андан бери 10 жылга жакын убакыт өтсө да, 2000-жылы шайлоодо эмгеги унутулбай, жапырт колдоого алынганын карабайсыңарбы? 

Эң оболу, карапайым калкка татыктуу кызмат өтөсөң, канча жыл өтсө да жакшылык жерде калбайт тура. Учурда “Комиссар Каттани” Нарынды, Ысык-Көлдү кыдырып, жогорку деңгээлдеги колдоого алынганы эмнени билдирет? “Эл менен сен бийиксиң...” деген кеп бекеринен айтылбаптыр да! Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары ушунчалык абройлуу беле?..

Aryba.kg 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер