Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Мектептер жетишсиз, мечиттер көбөйгөн заманда жашап калдык»

«Мектептер жетишсиз, мечиттер көбөйгөн заманда жашап калдык»

14-октябрь, 12:09
862 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- «Йакын Инкар» дейбизби, айтор, ушул сыяктуу диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү курал-жарактар, үгүттөөчү китептери менен кармалып эле келатышат. Булар качан түгөнүшөт? Же биздин күч органдарына чечкиндүү аракеттер жетишпей атабы?

Гүлзат Аалиева, философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу:

-- «Йакын Инкар», «Таблиги жамаат» ж.б.у.с. диний-экстремисттик уюмдар сырткы геосаясый күчтөрдүн атайы максатка ээ долбоорлору экенин эске алсак, акыркы 30 жылдан бери «кой» деген кожо, «ай» деген ажо жок, диний-экстремисттик уюмдар жакшы эле тайраңдашып, акыры улуттук да, коомдук да коопсуздукка, ошондой эле мамлекеттин жогорку эшелондогу саясый бийлигине да кылмыштуу кол салуу деңгээлине жакындап калганы – чындыгында эле жалпы журтту терең ойго салган өтө олуттуу көйгөй. 

Бактыга жараша, бүгүнкү күндө Камчыбек Ташиев мырзанын жетекчилиги астында УКМК бул жаатта бир топ чечкиндүү аракеттерди жасап жатканын сергек ой жүгүрткөн коомчулук активдүү түрдө колдоого алууда. Бирок, ошондой болсо да, УКМКнын ишмердиги стратегиялык жактан бир аз аксап жаткансыйт. 30 жылдан бери өздөрүнүн мыйзамсыз жана Конституцияга каршы келген ишмердигин былгытып жасап жүргөн радикал динчилдерди кармап, анан «эми оңолом» дедиртип коё берип жиберүү сыяктуу баёо (наивная) стратегия менен маселе чечилбейт. Бул жерде кармалып, анан убада берип коё берилген динчилдерге карата, айталык, милдеттүү түрдө 100 миң сом айып пул төлөтүү сыяктуу жумшак стратегияны колдонуунун эффектиси таасир этмек. 

Мындан сырткары, мечит-медреселердин ичинде улуттук нарк менен светтик принциптерди одоно бузуу, бачабаздык кылуу, адам өлтүрүү сыяктуу үрөй учурган фактылардын көбөйүп баратканын эске алып, алардын ишмердигин тыкыр көзөмөлгө алууну күчөтүп, мыйзамга туура келбеген мечит-медреселерди мамлекеттин эсебине өткөрүп, алардын имараттарын мамлекеттик мектеп жана бала бакча катары пайдалануу – учур талабы. 

Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:

-- «Йакын Инкар» сыяктуу диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү менен биздин аткаминерлерибиз аралашып, табакташ болуп калышкан да. Бирге намазга жыгылышып, ислам динин карманып атышса, анан кантип буларга каршы чыгышат? Кантип тыйышат? Дагы Кудайга шүгүр дейли, биздин элибиз ата-бабадан келаткан каада-салтты, үрп-адатты, ырым-жырымды туу тутуп, урпактарга улантып, кыргыз экенибизди карманып атабыз.

Азыркы убакта мектеп жетишсиз болуп, окуучулар 2-3 нөөмөт менен окуп атышат. Ошол эле учурда мечиттер көбөйдү. Ушунча зарылчылыгы бар беле? Андан көрө мектеп салынып, келечек муун илим-билимге умтулса жаманбы? Кантсе да светтик өлкө болгондон кийин биздин балдарыбыз ар кандай кесипке окушса, өздөрүнүн дүйнө таанымын кеңейтишип, руханий азык менен көкүрөктөрүн толтурушса сонун болгону атпайбы. Бир эле беш маал намаз менен чектелип, бирдеме болсо «Кудай берет» дей бергенден майнап чыкпайт да. Өзүбүз аракет кылышыбыз керек го. «Булар качан түгөнүшөт?» деп атпайсыңбы, аны жөпжөнөкөй эле жол менен тыйса болот. Ажобуз бир гана жарлык менен мындай нерсеге бөгөт салып коёт, «жетишет» дегендей...

Урматбек Акунов, жарандык активист:

-- Эң ириде адамдын өзүнүн аң-сезиминен, акыл көрөңгөсүнөн көз каранды экенин айткым келет, бул биринчиси. Экинчиден, биздин дин аалымдары, муфтият, ар айылдын имамдары эл менен тыгыз иштеши керек. Ата-бабаларыбыз кабыл алган ханафи масхабы биздин каада-салтыбызга жакын, калган агымдары эмне үчүн жашообузга шайкеш эмес (!) деген түшүнүктөрдү элге терең жеткирүү зарыл. Үчүнчүдөн, момун мусулмандар курал-жарак менен эч качан алектенбөөсү кажет экенин баарыбыз билебиз. Акыркы кезде «Йакын Инкар» тобунун мүчөлөрүн УКМК кызматкерлери кармашып, түшүндүрүү иштерин жасаганы байма-бай коомчулукка тарап атат. Түшүндүрүү иштери кандай форматта жүрүп жатканы азырынча бизге белгисиз жана күмөн. КМШ өлкөлөрүнүн арасынан бизде гана жүздөн ашык диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол ачып койгон. Булардын баарын муфтият электен өткөрүүсү кажет...  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер