Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бүгүн митингчилер Ала-Тоо аянтын тазалап, жыйнап кетишти

Бүгүн митингчилер Ала-Тоо аянтын тазалап, жыйнап кетишти

25-ноябрь, 16:26
525 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте "Ала-Тоо" аянтында өткөн тынчтык митинги аяктады. 

Уюштуруучулардын айтымында, ага миңден ашык киши келген.

Акцияга катышкандар колдоруна ар кандай жазылган транспаранттарды көтөрүп алышкан.

Митингге келгендердин басымдуу бөлүгүн улан-кыздар түздү. Акцияга чыккандардын коопсуздугуна укук коргоо органдары да көз салып турушту.

Андан тышкары, ушундай эле митинг Каракол шаарында да өтүп, ага саналуу гана киши келген.

Митинг аяктагандан кийин «Тазалык» ишканасы акция уюштургандарга ыраазычылыгын билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Жибек Каракеева «Фейсбуктагы» баракчасына «Митингден кийинки тазалык үчүн рахмат! Аянт таптаза экен. Бир да грамм таштанды чыгарган жокпуз. Адамдар баарын өздөрү тазалап кетишиптир» деп жазды.

Эскерте кетсек, жакында Япония менен Кыргызстан беттешкен футбол оюнунда да күйөрмандар стадионду тазалап кетишип, коомчулукка жылуу пикир жараткан эле. 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер