Күйөөмдү же көңүлдөшүмдү тандай албай убайымга батып жүрөм...
Күйөөм уялганынан эле жумуш издемиш болуп коёт. Ал экөөбүздүн турмушта ордубуз алмашып калганын өзү деле түшүнчү. Бара-бара ага сууй баштадым, балким, башынан эле сүйбөсөм керек. Бирок балдарыбызга жасаган мамилесин баалайм. Мен улам Москвага кеткенде, энесин 3 айда бир көргөн байкуш балдарыма жакшы ата болуп берди. Алар да атасын жандай көрүшөт.
Турмуш деген кызык экен. “Соода кылып акча табам” деп жүрүп жашоодо башка жагымдуу нерселер болорун унутуп коюптурмун. Ошол унуткан нерселерди мага эки жыл мурун Нурдин деген байке эсиме салды. Ал Москвага Союз кулаганда эле келип, иш баштаган экен. Жеке фирманын ээси болгонго жетишиптир. Анын чыныгы эркектик сапаттары менен мени тез эле арбап алды.
Нурдиндин чечкиндүү түрдө “бирге бололу” дегенине көнүп калдым. Бирок сөз менен оңой айтылат, кыла келгенде татаал маселе алдымда турганын билем. “Күйөөң менен ажыраш, ал сенин сулуулугуңа, назиктигиңе татыбайт. Балдарыңды ала кел, аларга ата болууга даярмын” деп Кыргызстанга узаткан сайын айтат.
Бир туруп “мен да тирүү жанмын, башка аялдардай үйдө бала багып, сүйүктүү жолдошумду жумушунан даамдуу тамак менен тосуп алгым келет” дейм ичимен. Бирок... Колунан көп нерсе келбесе деле мага, балдарыбызга бир да жолу катуу сөз айтпаган, мен үчүн эми балдарымдын атасы гана болуп калган адамды кыя албай келем... Эки оттун ортосунда калып, күйөөмдү же көңүлдөшүмдү тандай албай убайымга батып жүрөм...
Гүлнара А.
Aryba.kg