Бишкек ШИИБ начальниги Токтоналиев 77 кылмыш иш боюнча жооп береби?

Башкы прокуратура Бишкек ШИИБге карата 77 кылмыш ишин козгоду. Бул чоң резонанс! Мындай көрүнүштү буга чейин уга элек болчубуз. Аныгында, милиция кызматкерлери кылмыш иштерин бурмалашып, фальсификация жасашып, жазыксыз жарандарды шорлотушуп, камап келишкен турбайбы.
А маселенин маңызына келсек, кептин баары Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиевде жатат. Бул эргулдун аталган кызматка келгенине жарым жыл болду. Өзүн көрсөтүш керек эле. Оор кылмыштар убагында ачылбаса, майда беренелерди айтпай эле коёлу. Тилекке каршы, кызматкерлери УКМК тарабынан байма-бай камалганы өнөкөткө айланды. Акыры келип, башкы прокуратуранын берегидей “белеги” тартууланды. Мунун баарына ким күнөөлүү? Албетте, Азамат Токтоналиев! “Ооруну жашырса өлүм ашкерелейт” дейт. “Ылаңды” калкалай берүү акыры жамандыкка бата берип, элге залакасы тийбейби? Алты айда ишин көрсөтө албай, сөгүш да алып, натыйжада, бүтүндөй өздүк курамга кедерин тийгизүүдө.
Ток этерине келсек, Азамат Токтоналиевди токтоосуз түрдө кызматынан айдап жиберүү керек. Убакыт келди. Өзү уялып, кетип да калбайт экен. А баса, Бишкек шаарында Биринчи Май, Свердлов, Ленин жана Октябрь РИИБлеринин начальниктери “окшошконго мушташкандай” эле кеп. Буларды башынан атайлы – Тилек Тюкебаев, Азамат Байгазиев, Бакыт Нарчаев, Эмирлан Зарылбек уулу. Жогорку 77 кылмыш ишине себепчи болушканы, ИИМди артка тартышканы жалганбы? Сөз али алдыда...