Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калдарбек Абдраманов: “Медицина системасы бийликке керексиздей ой калтырат”

Калдарбек Абдраманов: “Медицина системасы бийликке керексиздей ой калтырат”

03-январь, 08:58
1 856 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү коом, бүгүнкү адамдар баары телегейи тегиздей күн кечирип жашап келебиз. Бирок айланабызда эмнелер болуп жатат, эмне жетпей жатат? Терең баш оорутуп ойлонгубуз да келбейт. Качан гана эң жакын адамдарыбызды жоготкондо бир бармак тиштейбиз. Бир кейийбиз. Азыр биздин саламаттык сактоо мышык ыйларлык абалда. Өзгөчө алыскы аймактар жан кейитет. Күн алыс чарчап калган ымыркайлар, түрдүү оору менен ооруган бөбөктөр, төрөттөн көз жумган энелердин көптүгү жан кейитет. Ошентип медицинанын алсыздыгынан канча адамдар арабыздан узап кетти. Балким алар дагы көпкө жашамактыр... Али ичер суусу түгөнө электе кете бергендир... Күн алыс той, шаан-шөкөттүн үстүндөбүз. Кайсы арыбызга?..

Бүгүн бизге саламаттык сактоодогу жүрөк ооруткан көрүнүштөр тууралуу өлкөбүздүн башкы кардиохирургу Калдарбек Абдраманов ой бөлүштү. 


-- Саламаттык сактоонун алсыздыгынан эле айрым замандаштарыбызды эрте жоготуп алып жаткандайбыз. Айрыкча региондордогу абал жүрөк оорутарлык...

-- Региондордогу медицинанын акыбалын бөлүп кароого болбойт. Анткени биздин саламаттык сактоо тармагынын жалпы деңгээли төмөн түшүп кеткен. Бул жалпы 25 жылдык тынымсыз, ийгиликсиз жүргүзүлгөн, кагаз жүзүндөгү реформалардын жыйынтыгы. Жалпы медицинаны каржылоо системасы өтө начар, талапка жооп бербеген, өстүрүү эмес, өчүрүү принцибиндеги система экенин баарыбыз түшүнүп эле турабыз. Мен бул масале боюнча 10 жылдан бери айтып келем, атайын медицинаны көтөрүү боюнча программа да иштеп чыккам. Бийлик жаңырган сайын баарына кулак кагып, кагаз жүзүндө да, массалык маалымат каражаттары аркылуу да айтып келем. Тилекке каршы, саламаттык сактоо системасы бийликтегилерге кереги жоктой унчугушпайт. Иштеп жаткандай, бир нерселерди жазып жаткандай түр көрсөткөнү менен эч бир алдыга жылыш жок. Бир да маселе чечилген жок. Аймактагы ооруканалар эле эмес, борбордогу үчүнчү деңгээлдеги чоң улуттук борборлор да өнүгө албай, өлбөстүн күнүн көрүп иштеп жатышат. Врачтардын жетишпегени, ооруканалардын эскилиги, койкалардын жетишпегени, врачтардын адистик деңгээлинин төмөндүгү, керектүү дарылоо, диагностикалоо шаймандарынын жетишпегени, жоктугу, дарылоо системасындагы башаламандык, калктын калың катмарына жеткиликтүү медициналык жардам жетпей жатканы, деги койчу, дагы башка көкөй кескен көптөгөн кемчиликтер өкмөттү кызыктырбагандай ой жаратат. Мындай акыбал бүгүн түзүлгөн жок. Бул кемчиликтер 25 жыл мурун Манас реформасы башталгандан бери эле келе жатат.

Ошондуктан, азыркы иштеп жаткан каржылоо системасы калса, тармакта реалдуу реформа болбосо, 10-15 жылдан кийин мамлекеттик медицинадан эч нерсе калбайт, баары жеке менчикке өтөт. Кыйналган эле эл болот. Акчаң жок болсо, карапайым элге жарытылуу, керектүү медициналык жардам алалбай калуу коркунучу туулат.

Акыбалдан чыгуунун бир эле жолу бар: медицинаны каржылоону жана башкарууну модернизациялаш керек. Андай программаны мен иштеп чыккам. 10 жылдан бери өкмөткө өткөрө албай жүрөм. Бийлик алмашкан сайын айтып эле келе жатам. Бири да көңүл бурбады. Эми эмки келе жаткан бийликке үмүт менен карап турам. Мүмкүн биздин медицинаны оңдоо программабызга көңүл бөлүп, кабыл алып, системаны түп-тамырынан өзгөртүп, өнүгүү жолуна салганга бизге шарт түзөт го!.. 

Жаңы жылыңар менен! Жаңы жылда жакшы тилектер, ой-максаттар ишке ашып, медицина, жалпы өлкө өнүгүү жолуна түшсүн! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер