Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Комсомольская правда” 10 миңдей орус аскери өлгөнүн жазып, кайра өчүрдү

“Комсомольская правда” 10 миңдей орус аскери өлгөнүн жазып, кайра өчүрдү

22-март, 17:15
534 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кремлдин позициясын жактаган “Комсомольская правда” гезити өз сайтында Украинадагы согушта россиялык 9861 аскер өлгөнүн жазып, бир нече убакыттан кийин маалыматты кайрадан өчүрүп койду.

DPA жана The Wall Street Journal маалымат агенттиктери кабардын интернеттеги архивдик сайттарда сакталып калган версиясына таянуу менен аны өз платформаларында басышты. Ага ылайык, маалыматты гезит Россиянын коргоо министрлигинен алганын жазган.

“Комсомольская правда” кийин кабардын өчүрүлүшү тууралуу түшүндүрмө берип, “алардын сайтын кимдир бирөө бузуп кирип, маалыматты жайгаштырып койгондугун” билдиришти.

Москва өз жоготуусу тууралуу бир эле жолу, 2-мартта гана маалымат берген. Россиянын коргоо министрлиги анда 498 аскери өлгөнүн мойнуна алган. Ошондон бери курмандыктар жөнүндө маалымат жаңылана элек.

Украинанын бийлиги салгылашуу башталгандан бери Россия 14 миңдей аскерин жоготконун билдирүүдө. Мунун ичинде өлгөндөр, жаракат алгандар жана колго түшкөндөр кошо саналууда. АКШнын чалгын кызматы болсо согуш башталгандан бери 7 миңден 10 миңге чейинки орус аскери мерт болгонун америкалык сайттарга билдирген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер