Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамбыл Камчиев: “Доллар ерунда! Жер-жерлерге банк ачабыз”

Жамбыл Камчиев: “Доллар ерунда! Жер-жерлерге банк ачабыз”

15-ноябрь, 23:41
1 426 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттикке талапкерлигин койгон жарандарыбыздын саны күн санап өсүүдө. Кадимки куудул Жамбыл Камчиев да миллион сом акча таап, 30 миң кол топтосо эле КР президенттигине талапкерлигин коёт экен. 


 -- Жамбыл аке, талапкерлигиңизди койдуңуз дейли, эл оозунда элек жок эмеспи. “Ушу Жамбыл эмнени кыйратып ийет экен?” дегендер да жок эмес. Кепти ушундан баштайлы?..

-- Эгер мен бийликке келип калсам, эң ириде 1993-жылкы Конституцияны кайтарып апкелем. Ошондо 1994-1995-жылдан берки бүт эл аралык келишимдер жокко чыгат. Кумтөрдү 100% Кыргызстанга иштетем. 

-- Кумтөрдө кыйраткан деле алтын калбаганын айтып атышат го?

-- 1 кило алтын болсо да күрөшөбүз! 

-- Коррупцияны эмне кыласыз?

-- Мамлекеттик кызматта иштегендин баардыгы, мектеп босогосунан премьер-министрге чейин конкурстун негизинде жумушка алынат. 

-- Биздин мамлекеттик түзүлүш президенттик башкарууга өтөбү же?

-- Президенттик башкаруу деп айта албайм. Сунуш киргизет элем, 1993-жылкы Башмыйзам боюнча 105 депутат бир мандаттуу, можаритардык система боюнча келет. Ошолор Башмыйзамды өзгөртүүнү каалашса жаңысын алып чыгышат да. Партиялык тизме менен келгендер Конституцияны өзгөрткөнгө эч кандай акысы жок, укугу да жок. 

-- Кытайдын карызын кантебиз?

-- 1994-жылы 21-ноябрда конституционный совещание болгон, Акаев өткөргөн. Аны колдогон 157 адамдын кыймылдуу да, кыймылсыз да мүлкүн конфискация кылып, мамлекетке өткөрүп, мамлекет аларды сатып, Кытайдын карызына төлөйт. Кен байлыктын баары мамлекеттики болот. Эч качан жеке менчикке өтпөйт. 

-- Доллардын баасы көтөрүлүп кетти, муну эмне кылабыз?

-- Доллар ерунда! Жер-жерлерге банк ачабыз. Бир триллион сом акча чыгарып туруп, ар бир айыл өкмөттө банк болот. Жеке менчик банктар жок болот. Безпроценттный акчаларды таркатат. Доллардын курсун кармап туруш үчүн ар бир адамга 12 кв/метр жана 6 сотых участоктон ашырбай, андан ашканына салык салынат. Ошону менен сомдун курсу бир орунда “былк” этпей турат.

-- Жанагы “Глобус”, “Народный”, “Фрунзе” дүкөндөрү эмне болот?

-- 250 кв/метрден ашкандарына салык салынат...    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер