Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президент Садыр Жапаров кызыл китеби жок жер тилке ээлери менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров кызыл китеби жок жер тилке ээлери менен жолугушту

22-ноябрь, 16:41
1 495 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ала-Тоо-3 конушундагы жолугушууда Жапаров 2022-жылдын 1-майына чейин 11 миңден ашык түтүнгө кызыл китеп берилерин, Кыргызстанда документи жок үй болбош керектигин маалымдады. Жаңы конуштун тургундары кызыл китептен тышкары социалдык объект, коомдук транспорт көйгөйлөрүн айтып, Жапаров 15 жылдан бери чогулган маселелер 1-2 жылда чечилерин убада берди.

Буга чейин Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулардын жер тилкелери мыйзамдаштырылары белгилүү болгон. Бул тууралуу тийиштүү мекемелерге тапшырма берилгенин президент Садыр Жапаров 15-ноябрда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда айткан.

Ошондой эле ЖЭБ-2нин жанындагы конушту Бишкек шаарынын курамына киргизүү жөнүндө маселени чечүү тапшырылганы айтылып, Сокулук районунун администрациясына тийиштүү документтерди топтоону тапшырган.

Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

Президент жаңы конуштардын тилкелерин трансформациялоо маселеси узак жылдардан бери чечилбей келгенин айтып, ошону менен бирге мындан ары жер басып алуу деген түшүнүк болбойт деп келет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер