Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев, профессор: “Президент туура жолду тандады, маселе эми аткаруучуларда калды”

Каныбек Осмоналиев, профессор: “Президент туура жолду тандады, маселе эми аткаруучуларда калды”

19-май, 23:22
610 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Каныбек агай, президент Садыр Жапаров агартуу министрлигин жана илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Мындай аракеттер маанилүүбү?

-- Эң туура болду! Мен бул идеяны беш жыл мурда эле көтөрүп чыккан элем. Былтыр август айында президентке ачык кат менен кайрылып, эки министрликтин болжолдуу конфигурациясын да жарыялагам. Эми ошол сунушум үтүр-чекитине чейин сакталып, президенттин жарлыгынан орун алгандыгы мени каниеттендирип койду. Өзү бул ишти 10 жыл мурда эле иш жүзүнө ашыруу керек эле. Биздин баардык кошуналар бул системага 2000-жылдардын башында эле өтүшкөн. Эмне болгон күндө дагы туура кадам. Эми бир жагдайды катуу карашсын, ошол эки министрликтин башына кесипкөй, билимдүү жана адилет ишмерлер келишсин.

-Бир министрлик экиге бөлүнгөндө эле иш илгерилеп, билимдин деңгээлин жогорулатчу программалар ишке ашабы, же дагы туура багытты тапкыча түрдүү көйгөйлөргө кабылабызбы?

-- Базалык орто билим берүүнүн өзгөчөлөнгөн түйшүгү өтө эле оор. Анүстүнө мектепке чейинки билимтарбия иштери да эбегейсиз зор аракеттерди талап кылат. Ал эми илим системасын эмдигиче туура жолго сала албай келебиз. Ал жогорку кесиптик билим берүү менен тыгыз байланышта. Ошондуктан президент туура жолду тандады. Башка маселе, эми аткаруучуларда калды. Жаңы инновациялык ыкмалар менен иштеп кетишсин деген эле тилегим бар.

-- Бала бакча, мектеп жана кесиптик лицейлердин аралашып калуусу да ар кандай көз караштарды жаратып жатат го? 

-- Кесиптик лицейлер мектептер менен чогуу болгону эң туура. Анткени алар союз кезинен бери эле 10-11-класстын же болбосо толук орто билим берүү программаларын да аткарып келишкен. Анүстүнө 12 жылдык мектеп билиминин бир функциясы катары, же дуалдык система деп ошол айкалышка басым жасап жатышпайбы.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер