Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кырдаалды байкап туруп, Алтынбек Сулайманов баш көтөрөбү?

Кырдаалды байкап туруп, Алтынбек Сулайманов баш көтөрөбү?

04-июнь, 12:22
0 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Саясый коомчулук күздөгү абалга, андан кийинки президенттик шайлоого карата саресеп салышып, байкоо жүргүзүп жаткан маалы. Аламанга аттанчулар азырынча унчугушпайт, ыңгайын күтүшсө керек. Бири-бирин аңдымай, жаңылык күтмөй жагынан тыңчыкмалар кыйын эмеспи. Элита чөйрөсүндөгүлөр, интеллигенция да дымып турат. Ал эми тар сүйлөшүүлөрдө ар кандай божомолдор жорто баштады. Мисалы, Алтынбек Сулайманов кырдаалга жараша кадам саларын, шарт түзүлүп, ыңгайы келип калса, президенттик шайлоого чыгабы? Бул таризде кызык оюндар башталчудай. Негизи Алтынбек мырза амбициялуу, өзүн сактаганды билет, башка саясатчылардай түрмөгө түшүп, соттолгон жок. “Булуттуу көктүн асты, муундуу чөптүн үстү менен келатат” дегендей. Назилинде, аламанга ат коюуга толук түрдө мыйзамдуу укугу бар. Анан калса, эч кимге көз каранды эмес, багыты эркин. Тараза ташын эсептеп, чын эле шайлоого талапкерлигин койсо, Алтынбек Сулаймановго бир топ саясый күчтөр ооп кетиши мүмкүн.  

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер