№1 СИЗОдогу Равшан Жээнбековго моралдык-психологиялык кысым болууда
Саясатчы Равшан Жээнбековго Кой-Таш окуясы боюнча “Барымтага алуу”, “Массалык башаламандык уюштуруу”, “Бийликти күч менен басып алуу” сыяктуу бир катар айыптар тагылып, камакка алынган. Учурда ал №1 СИЗОдо жатат.
Коомчулукка тараган видеолор боюнча, Равшан мырза Кой-Таштагы коогалаңда эки тарапты ынтымакка чакырып, башаламандыкты токтотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүргөнүнө күбө болобуз. Ага камактагы Кыяс Смаиловдун көрсөтмөсү менен эле жогорудагыдай айыптардын тагылганы канчалык деңгээлде негиздүү? Албетте, бул жагына мезгил баа берип, тарых таразалайт.
Соңку маалыматтарга караганда, Равшан Жээнбеков “кызылдардын камьерасында” жатканы, бирок общактагылар тарабынан ага “көз артуулар” болуп атканы, аба жутканга же адвокатына жолугууга чыкканда кооптуу көрүнүш жаралып атканы каңкууланууда. Мындай шартта моралдык-психологиялык басымга кабылганы, суук көздөр, ачуу үндөр аны “коколоп” аткандай образ жаралганын кантебиз? Негизи демократ саясатчыны кылмыш дүйнөсүнүн очогу №1 СИЗОго эмес, УКМКнын абагына кармап турушса деле болмок. Ал жакта мындай коркунучтар жок да...
Aryba.kg