Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ар бир бийликти колго алып, байлыгын өркүндөткөн Азамат Арапбаев

Ар бир бийликти колго алып, байлыгын өркүндөткөн Азамат Арапбаев

10-сентябрь, 18:04
502 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттин эсебинен же алдамчылык, өкүмзордук менен байыгандар камалышты, бир-эки сыйра “кусуп” бүтүштү. Айрымдары качып кетишти. Айтор, коомду тазалоо ишараты. Бир гана Азамат Арапбаевдин кылы кыйшайбай, “чыйт” түкүрүп, өзүн көпөс сезип жүрөт. Балким көмүскөдөн “төгүп” атабы? Белгисиз. 

Курманбек Бакиев режиминен бери Азамат Арапбаев “майкөл-сүткөл”  жашоонун үстүндө гана келатат. Ар бир бийликти колго алганды билет тура. Кааласа депутат болот, бизнесин гүлдөтөт, айтор, кыйын киши экен. Алмазбек Атамбаевдин доорунда Азамат Арапбаев улам завод, ишкана ачып, бутуна кыйла турган. Темир Сариев, Сапар Исаков сыяктуу өкмөт башчылар менен достошуп, аларга да бизнес өнөктөш катары жакындап, ишенимге кирип, жакшы эле пайдага туйтунду. Бийликтер алмашып кете берет, ал эми дүнүйө-мүлкү, байлыгы менен сакталып калгандар чанда гана болсо керек. Мына ошондой жол тапкычтардын башында “алдаркөсө” Арапбаев турат. Бүгүнкү төбөлдөр менен да достошуп, мамлекеттик деңгээлдеги сыйлык алып, эркеталтаңга айланган кербези. Амалына пай-пай, керемет! 

А баса, Азамат Арапбаев убагында Оштогу арак заводун гектарлаган жери менен итбекер менчиктештирип алса, мамлекетке качан кайра өткөрөт? 2010-жылга чейин Жаныш Бакиевге “Алай” мейманканасынын жанына заправка салып берип, кийин кайра өзүнө алып алганбы? Ушундай жойкума жолу менен улам келген бийликтегилерди алдап, баш айланта береби? Кыскасы, суроолор арбын...   

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер