Азамат Токтоналиев: “Биз мекенди сүйүүгө, өлкө коопсуздугун камсыздоого басым жасап келебиз”

Милициянын полковниги Азамат Токтоналиев Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына дайындалгандан бери элдин коопсуздугу, тынчтыгы үчүн талыкпай эмгек кылып, ийгиликтерди жаратууда. Милдетин ак ниеттикте так аткарып, өлкө келечегин камсыздоого салымын кошуп келет. Эң ириде борбор калаабызда туруктуулук болсо, бул жалпы республикага оң таасирин тийгизмекчи. Учурдагы абалга жараша суроолорубузду жолдоп, маектешибизден ынанымдуу жоопторду ала алдык.
-- Азамат Шейшенбекович, акыркы жылдардагы шаардагы коопсуздукка карата кандай аракеттерди көрүп атасыздар? Кыскача токтоло кетсеңиз?
-- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, былтыр 2024-жылы “Коопсуз шаар” долбоорун ички иштер министрлигинин карамагына толугу менен өткөрүп берүү жарлыгы чыгып, андан бери иш жанданып, жалпы республикага жайылтуу аракеттери көрүлүүдө. Мунун баары элибиздин коопсуздугуна арналып, укук бузуусу жок өлкөнү курууга карата жасалган мамлекеттик деңгээлдеги кадамдар экенин баса белгилеп кетейин. Жакынкы келечекте дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратууга ИИМдин, ошонун ичинде Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын толук мүмкүнчүлүгү бар.
Ошол себептен Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-майындагы №103 “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамын ишке ашырууда жана “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында, 2024-жылы жарандардын коопсуздугун сактоо максатында приоритеттүү багыттардын бири болгон санарип тутумун ишке киргизүүнү демилгеледик. Натыйжада, видеобайкоолорду орнотууга акча каражаты бөлүнүп берилип, толугу менен ишке ашырылды. Шаар аймагындагы административдик реформага чейин 109 билим берүү орто мектептерине жүзүн таануу функциясы бар видео көзмөлдөр орнотулду.
Ошондой эле 2025-жылы борбор шаарыбыздагы 118 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалардын коопсуздугун сактоо максатында жүзүнөн таануу жана панорамдык видео көзөмөлдү ИИМге кошуу мерчемделип, жакынкы арада иштей баштаганы турат.
Ал эми административдик аймактык реформадан кийин борбор шаарга кирген 18 мектепке видеокөзөмөл орнотуу жыл башынан бери башталып, аткарууга алынды. Борборубузга 2024-жылы санарип багытына өзгөчө басым жасалган, ал эми быйыл дагы бул демилге эң маанилүү иш катары уланууда. Шаардын аймагы үч эсе кеңейгени белгилүү эмеспи, андыктан борбордогу 20 чоң көчөгө жүзүнөн таануу, жол эрежелерин бузуусун каттоо функциялары бар видео көзөмөлдөрүн орнотуу иштери башталып, ушул жылдын июль айына чейин ишке киргизебиз. Бул саамалыктар биздин жумушубузга жакшы натыйжасын берет. Себеби, шаар аймагында автоунаа аралашкан кылмыш катталса, же башка терс жоруктар жасалса, дароо изин суутпай бетин ачканга жакшы шарт түзүлөт.
-- Жалпы кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча да айта кетсеңиз?
-- Тургундарыбыздын коомдук коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка, алардын арасында уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарга, экстремизмге каршы күрөшүү чаралары сапаттуу ишке ашырылып, алдын алууга батыл киришүүдөбүз. Жыл башынан бери милиция кызматкерлеринин коомдук жайларда жана көчөлөрдө тынымсыз жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгы жакшы натыйжа берип, анын негизинде кылмыштуулуктун саны кескин азайды, натыйжада, тийешелүү аракеттенүүдөн соң кылмыштардын катталышын 50%га төмөндөтө алдык. Ал эми шаардын аймагында жасалган баардык кылмыштардын бетин ачууда жетишерлик ийгиликтер жаралууда.
Ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштар шаар аймагында катталса дагы, 2025-жылдын үч ай ичиндеги болгон кылмыштардын ачылбай калганы жок. Бул көрсөткүчтөргө 2024-жылдын жыйынтыгы менен жетише алганбыз, башкача айтканда, Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын кызматкерлери баардык төмөндөгөн кылмыштардын эсебинен алганда, дээрлик 50 пайызга түшүрө алды.
Айтылган ийгиликтерге жетүүдө милиция тынымсыз профилактикалык иштерди уюштуруу, санарип багытын өнүктүрүү, кайгуул постторун коюу, социалдык тармактарда, телеберүүлөрдө элге күн сайын эскертүүчү видеороликтерди жайылтуунун негизинде шаардын коомдук коопсуздугун жакшырта алдык. Өзүңөргө белгилүү болгондой, социалдык тармактар, массалык маалымат каражаттары аркылуу ар бир аткарган алдын алуу иштерибиз боюнча байма-бай чагылдырып келебиз.
-- Жыл өткөн сайын борбордо элдин саны арбып атса, салыштырып караганда өздүк курамга оорчулук жаралбайбы?
-- 2024-жылы ИИМдин буйругу менен кайгуул-күзөт кызмат полку Бишкек ШИИББнын карамагына алынып, анда 500дөн ашык штаттык бирдик кайрадан ишин жандандырган. Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полку кайрадан түзүлүшү кылмыштуулукту алдын алуулунун натыйжалуулугун жогорулатууга, Бишкек шаарынын көчөлөрүндө коомдук тартипти чыңдоого мүмкүндүк берди. Борбор калаанын коомдук жайларында, көчөлөрүндө жасалган кылмыштардын саны былтыркы жылы кескин азайды. Бүгүнкү күндө милициянын кайгуул-күзөт кызматына дагы кошумча 500 штат киргизүү сунушталып, ички иштер министрлигинин жетекчилиги колдоого алып, министрлер кабинети тарабынан маселе чечилген. Жакынкы күндөрдө жогоруда айтылган кызматыбыздын штаты дагы көбөйүп, кайгуул посттордун саны эки эсеге жогоруламакчы. Учурда Бишкек ШИИББнын бул багыттагы кызматкерлери борбор кааланын баардык аймактарында күнү-түнү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылып, шаар тургундарына, конокторго негизги эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Андан сырткары, милициянын кайгуул-күзөтү массалык иш-чараларга дагы ар дайым тартылууда. Келечекте шаарыбыздагы терс көрүнүштөрдү кескин түрдө азайтабыз.
Айтмакчы, бүгүнкү күндө ошол эле кызматта туристтик взводунун кызматерлери өлкөгө келген эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылышып, чет өлкөлүк меймандардын суроолору боюнча консультацияларды беришип, ар кандай муктаждыктарды чечип келишет. Кавалерия взводу түзүлүп, толук кандуу ишке киришип, конокторго керектүү жардамдарын беришүүдө, муну Бишкек шаарынын милициясынын чоң жетишкендиктери катары санайм.
-- Акыркы жылдары милиция кызматкерлерине өзгөчө көңүл бурулуп, жакшы шарттар түзүлө баштаганын байкап келебиз...
-- Ооба, 2024-жылы милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө жана жарандардын кайрылуусуна шарт түзүүнү демилгелеп, мэриянын, демөөрчүлөрдүн жардамы менен шаар аймагына жаңы заманбап аймактык пункттар курулуп, ишке киришкен.
Быйылкы жылы Бишкек шаарынын милиция кызматкерлерине шарт түзүп берүү, жеринде кылмыштуулукту, укук бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу максатында заманбап милициянын аймактык пункттары ачылууда. Алар бүгүнкү күндө натыйжалуу иштеп жаткандыгына байланыштуу 2025-жылга карата 20 заманбап милиция пункттары жана Бишкек ШИИББнын райондук ички иштер башкармалыктарынын инфраструктуралары жакшыртылды. Свердлов, Октябрь райондорунун ички иштер башкармалыктарына заманбап имараттарын, жаңы милиция бөлүмдөрүн курууга кириштик. Ошондой эле кайгуул-күзөт кызмат полкуна жаңы имарат жана алардын кавалерия взводундагы аттарга сарай салуу машакаты жүрүп жатат.
Мыйзамга ылайык, соттун чечиминин негизинде өлкөнүн чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо үчүн Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын атайын кабыл алуучу жайынын базасында дүйнөлүк стандарттагы борбор түзүлүп, жыл башынан тарта ишке киргизилди.
Милициянын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу уланууда. Мыйзам бузган жарандарды ташып турууга жана өзгөчө кырдаал учурунда өздүк курамды иш-чараларга ыкчам жеткирүү максатында 20 автоунаа шаарга жаңы кошулган аймактарды тейлеген кызматкерлерге берилип, жыйынтыгында алыскы калктуу конуштарды ыкчам тейлөөгө киришти.
Өткөн жылы бир нече имараттарыбыз капиталдык оңдоп-түзөөлөрдөн өтсө, быйыл дагы бул багыттагы саамалыктарга өзгөчө көңүл бөлүнүп, бир нече райондук ички иштер органдарынын, бөлүмдөрүнүн жана милиция пункттарынын имараттары оңдолуп-түзөлүп, инфраструктураларын жакшыртуу боюнча иштери жүргүзүлүүдө.
Жыл башында Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте демилгелеп, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине шаар аймагындагы орто билим берүү мекемелеринен ар бирине өзүнчө иш бөлмөлөрдү чечип, ошого катар төшкө тагынуучу атайын камераларды, компьютерлерди камсыздоого кириштик. Ал тапшырмалар жакынкы арада ишке толук кандуу ашарын белгилеп кетмекчимин.
Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 «Улуттук тазалык күнү” жана 2023-2025-жылдар аралыгында жарыяланган эки айлык ишембиликтин “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында ар кандай 250дөн ашык бак-дарактардын көчөттөрү Бишкек ШИИББнын карамагындагы аймактарына тигилди.
-- “Кой аксагы менен миң” дегендей, кээде өздүк курамдын ичинен жаза баскандар чыгууда. Бул жагын кантебиз?
-- Бишкек ШИИББнын өздүк курамынын мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бузуу боюнча аныкталган баардык учурлар боюнча толук кандуу текшерүүлөр, иликтөөлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында өздүк курамга, алардын түздөн-түз жетекчилерине карата тартиптик жазалар берилип келет. Бул боюнча басма сөз кызматыбыз аркылуу коомчулукка ар дайым ачык билдирүүдөбүз. Эгер милиция кызматкерлери өздөрү кылмыш кылышса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде аёосуз жоопкерчиликке тартылары байма-бай аларга эскертилип келет. 2025-жылдын башынан бери кылмыштын бетин жашыруу максатында жарандар тарабынан 5 жолу милиция кызматкерлерине пара берүү фактылары катталып, алардын жоопкерчилиги каралып, камакка алынышты. Бул багытта дагы күчөтүлгөн тартипте токтоосуз иштер улантыларын билдирип кетмечимин.
Учурда Бишкек ШИИББнын өздүк курамынын арасында таалим-тарбия иштери күчөтүлүп, моралдык принциптерди бийик койгон кадрларды даярдап, кызматкерлердин деңгээлин жогорулатуу боюнча окутуп-үйрөтүү жумуштары ар бир жетекчиге жүктөлүп, мекенди сүйүүгө, өлкөнүн коопсуздугун көздүн карегиндей коргоого, патриоттуулукту чыңдоого үндөгөн иштерге басым жасап келебиз. Таза эмес, коомдун кызыкчылыгына кызмат кылбаган ички иштер органдарынын кызматкерлерин аныктап, өз ара ичибизден тазалануу вазыйпасын улантып жатабыз. Ошого карабастан баардыгы бирдей боло бербейт экен, арабызда өйдө-ылдыйы бар, “беш кол тең эмес” экенин билебиз.
Ооба, бир нече фактылар боюнча кызматкерлерибиздин мыйзамсыз жолго барган учурларын өзүбүз аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартып келүүдөбүз. Бул иш аракеттер өздүк курамга мисал катары көргөзүү болуп саналат. Ар бир мыйзамсыз иштердин жыйынтыгы жогорудагыдай жоопкерчиликке тартылуу менен аяктайт, биз ошону катуу эскертебиз. Азыркы күндө Бишкек ШИИББнын алдына коюлган приоритеттүү багыты – өзүбүздүн арабыздагы кара ниет кызматкерлерден арылуу.
-- Кыргыз милициясы карапайым калкка жакын болушу керек...
-- Албетте, Бишкек шаарынын аймагында милиция менен коомчулукту жакындатуу, өз ара түшүнүшүү мамилесин чыңдоо, жарандарга ачык болуу демилгеленип келет. Негизинен элдин милицияга карата ишенимин жогорулатуу үчүн ар тараптуу иштер жүргүзүлүүдө. Арыз-даттанууларды мыйзам чегинде карап, тийешелүү чечимдердин кабыл алынуусу дайыма көзөмөлгө алынган. Жардамга муктаж болгон баардык жарандарга ар тараптуу көмөк көрсөтүү жумуштары алып барылып, дээрлик жетекчилер тарабынан элди кабыл алуу процесстери күчөтүлгөн тартипке коюлган. Жалпы коомчулуктун алдында отчет берип, жолугушууларды өткөрүп, ички иштер органдарынын жасап жаткан жумуштарын калың катмарга жеткирип туруу негизги милдетибиз.
Жыл башынан тарта шаарда, райондордо “Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек” аталышындагы форумдар өткөрүлдү. Форумдун максатына токтолсок, өлкөдөгү коомдук тартипти жана элдин коопсуздугун сапаттуу камсыздоо үчүн 2021-жылдын 5-майында “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамы кабыл алынганын, анын башкы багыты — коопсуздукту чыңдап, кылмыштуулуктун, укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүп, алардын себептерин өз убагында аныктап, ыраатка салуу эмеспи. Укук бузуулар жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө мамлекеттик органдардын, жарандык коом институттарынын аракеттерин координациялоо актуалдуу, ошондой эле зарыл экенин белгилеп коёюн...