Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жапондор сымал биз да табыт менен дарылоого өтсөк кантет?

Жапондор сымал биз да табыт менен дарылоого өтсөк кантет?

15-июнь, 12:03
1 132 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстандагы белгилүү блогер жана жапон маданиятынын сүйгөн Назым Осака айымдын окуясы көпчүлүк адамдарда пайдалуу болот деген ишеничтебиз. 

“Бир мезгилде Жапонияда жашап калдым. Себебин билбейм, бирок депрессияга кабылдым. Өзүмдү таштап салып, салмагым 75 кг-дан ашты, үйдө пижамачан эле жүргөнгө көнүп, 2-3 күндөп жуунбай да калдым. Жадагалса тишимди да жуубай калгам. Акыр аягы жашоо ушунчалык кызыксыз болуп, мындан ары жашагым да келбей калды. Абалымды байкаган жапон улутундагы курбум жеке клиникалардын бирине барып келүүнү сунуштады. “Бул клиникадагы өзгөчө бир процедурадан соң адамдар кайрадан төрөлгөн сымал жашоого болгон кызыгуусу артат” деп ишендирди. Курбу кызым үйгө келгенде үйдөгү пижама жана тапичкечен эле көчөгө чыгып кеттим. Шаар борборундагы метродо ушул абалым менен эле баратам. Чачымды деле эптеп эле түйүп алгам. Бирок Жапониянын бир жакшы жери, адамдар башка бирөөгө көңүл деле бурбайт. Жылаңач жүрсөң деле ар ким өзү менен алек. Коомдук транспорт же көчөдө бирөөнү тигилип кароо жапондорго жат көрүнүш. Адамдар ушунчалык эркин. 

Акыры клиникага да келип, кагаздарын толтурдук. Бөлмөгө кирген соң, ортодо турган жыгач табытка (гроб) көзүм түштү. Дарыгер бир канча суроолорун берген соң, өлгөн адамдар кийчү кийим берди. Кийимимди котордум, “жатыңыз” деп акырын табытка жаткызышты. “Эч коркпоңуз, болгону өлгөн адамдар кандай эмоцияларга дуушар болгонун өз жонтериңиз менен сезип көрүңүз. Кандайдыр бир ыңгайсыздык жаралып, процедура жакпай баратса, бул кнопканы бассаңыз жетиштүү болот. Дароо токтотуп, сизди табыттан чыгарабыз” деп ишендирди. 

Жатканда эле жагымсыз бир жытты сездим. Астымда түсү ачык болгон жумшак атлас. Табыттын ичи шурулар менен кооздолгон. Жатып алып табытты изилдемей. Бир маалда жагымсыз жаназа музыкасы угула баштады. Үлбүрөгөн жарык шооласы табыттын тешиктери аркылуу көрүнүп-көрүнбөйт деле. Бир маалда менин табытымды көтөрүп, машинеге жүктөй башташты. Дароо кнопканы бассам, араң турган кнопка да сынып калып, ит кылды. Кыйкырып, “акчаны бул үчүн төлөгөн эмесмин!” деп нааразычылыгымды билдирип жаттым. “Энеңди урайын жымшыктар, эмне эле кылып жатасыңар?!” Угайын деген бирөө жок. Кымырабастан машинеге жүктөп салышты. Он мүнөттөй жүргөндөн кийин “табытты чыгаргыла” деген үндү угуп калдым. Дем жетпей баратат. Жип менен атайын казылган орго сала башташты. Үстүмдөн улам топурак ыргыткан сайын сырттагы үндөр угулбайт. Болушунча кыйкырып, орусча сөгүнүп жатам. Башымда миллиондогон ойлор. “Мээси айныган бир сектанттардын колуна түшүп калгам го сыягы. Тирүүлөй эле өлтүрүп жатышат. “Аум синрикё” деген балакети ушул окшойт. Келгиндерди жек көргөн топтун курмандыгы болдум го. Жапон курбум да булар менен бир иш алып барат окшойт. Өлтүрөм, акмакты! Дос деп жүрсө! Чындап эле көмүп жатышат, эшектер!” Кудум касапчыны көргөн чочкого окшоп чыйылдай баштадым. Болгон күчүм менен табытты тебем, кыйкырган сайын дем жетишпейт. Өңгүрөп ыйлап, көзүмдөн жаш, мурдумдан суу агып, кулактарымды толтурчудай болуп калды. Табыт ичиндеги тардыктан улам же бетимди аарчый албайм. Жыгачтай катып жатам. Эки колум аскердин колундай болуп түз. Табыт тар. О, Кудайым! Мен өлгүм келбейт! Кычкылтек да азайып баратат. Негедир башым айланып, үшүй баштадым. “Жер муздак экен го” деген ой келди. 20 мүнөттөй ыйладым. Акыры эсимди жогото баштадым. Өтө жаман абал экен. Өлөт деген ушул го! Уктап калып, кайра ойгонсо эле табытта жаткан Гоголь бечараны эми түшүндүм. Жашоомдогу маанилүү сүртүмдөр көз алдымдан өтүп жатты. Мына жаңы эле кызымды төрөп, өз колума алып жатам. Анын биринчи кадамдары. Ар күн сайын чачын өрүп жаткан көз ирмемдер. Болбогон бир депрессия деп өз кызымды да унутканымды карасаң! Көптөн бери апама да чалбай калганымды эстедим. Жашоо кандай гана керемет! Мен болсо бул жерде табыт ичинде өлүп баратам. Анан дагы мен суктанып жүргөн жапондор мени өлтүрүп жатат. Мен аларды тим эле периштедей көрчүмүн го. Эх, жапондор десе! Даана эшек экенсиңер!.. 

Ушул нерселердин баарын ойлонуп жатсам эле табыттын эшиги ачылды. Карасам, баягы эле кирген бөлмөмдө экенмин. Көрсө, табыт толугу менен компьютерге туташып, ичиндеги жыт, үн, температуранын баары өлүм иллюзиясы экен. Дагы 10 мүнөттөй жаш баладай ыйладым. Араң сооронуп, улам тигилерди сөгүп-шилеп коём. Жанымда болсо курбу кызым ыкшып күлүп жатат. Чыгып баратканда колума менин “өлүмүмдүн” видеодискин карматты. Көрсө, табыт ичиндеги баардык аракетиң камера аркылуу жазылып турат экен. Бул процедурадан соң бир топ арыктап, өзүмө келдим. Жашоону сүйүп, өлүм жөнүндө такыр ойлобос болдум. Депрессиям жок болуп кеткендей болду. Экинчи ал табытка жаткым келбейт. Мен бул жерде азыр жашагым келет. Ушундай. Силер да учуруңарды сүйүп жашагыла демекчимин!” 

Кызык, адамдар жашоо баркын көп учурда сезишпейт, барктабайт. Бул практика тээ илгертен эле мусулман аалымдары, падышалар тарабынан тажрыйба кылынып келген. Бир Кудайдын кулу адамдарга орой мамиле кылганын, байлыгына менменсингенин сезгенде эле үйүнүн короосунда казылган көргө жатып, үстүн тактай менен жаптырып коёт экен. Жарым саат жаткан соң, жарым жылга чейин адамдарга мээрим менен карап, кичипейил, март болуп калчу экен. Кайра напси семиргенин сезгенде жер астына кирип, улам напсисин тизгиндеп турар эле. Учурда мурункуга караганда курсагы токтордун саны көбөйсө да, бактылуу адамдардын саны азайды! Дүнүйөсү түгөл болсо да, бир нерсе жетпегендей нааразы, жашоого капа. Мусулман болбосо да, мусулмандардын тажрыйбасын колдонгон жапондор сымал биз да табыт менен дарылоого өтсөк кантет?


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер